Жашылча жемиштин кабыгы эмнеге пайдалуу?

Жашылча жемиштин кабыгы эмнеге пайдалуу?
11-Янв. 2019, Жума, 14:33

Ар бир жашылча жемиштин организмге тийгизген пайдасы мол. өзгөчө жакында гана адистер жемиштин өзүнөн да анын кабыгында организмге керектүү витаминдер бар экендигин аныкташты. Американын диетологдорунун айтуусу боюнча, эгер адам алманы кабыгы менен жей турган болсо, анда ал зыяндуу шишик ооруларынан, боор жана ичеги-карындын дартынан коргой турганын белгилүү болду.

Банандын кабыгынын курамындагы түрдүү табигый майлар менен ферменттер күндөн күйүп калуудан, жараны тез айыктыруучу касиетке ээ. Ошону менен катар, ал түрдүү жандыктардын чагып алуусунан пайда болгон кычышуу, аллергиядан да басат. Ал үчүн банандын кабыгын ички жагы менен жарага же чаккан жерге коюп таңып алабыз же сүртөбүз. Күнүнө бир нече ирет ушундай жасасаңыз, жара тез айыгат. Ошондой эле, банан кабыгы минералдар менен антиоксиданттарга бай. Эгер күндө аны менен бетиңизди, моюнуңузду сүртүп турсаңыз, териңиз нымдашып, бырыш тушпөйт.

Ал эми кургаган дарбыздын кабыгы колит оорусу менен ичегиге суук тийип калганда жакшы жардам берет.

Адистер кивинин өзүнө караганда кабыгында пайдасы көп экенин аныкташты. Себеби, кивинин кабыгында антиоксиданттар көп кездешет. Ал теридеги натрий затын сыртка чыгарууга жардам берген эң жакшы курал. Ошондуктан, киви кабыгын таштап жибербей, андан маска жасап пайдалансаңыз бетиңиздин териси баш баланыкындай абалга келет.

Дагы бир айта кетчү нерсе, жер-жемиштердин кабыгы ден-соолукка пайдалуу болгону менен анын бетинде зыяндуу токсин болушу мүмкүн. Ошол себептен жемишти пайдаланардын алдында жакшылап жууш керектигин эске сактаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР