Доллар гүлүн өстүрүүнүн 7 себеби

Доллар гүлүн өстүрүүнүн 7 себеби
23-Янв. 2019, Шаршемби, 13:29

Бул бөлмө гүлүнүн көркөмдүүгү өзгөчө: каныккан жашыл түстүү жалбырактары көз тартып турат. Бийиктиги 150 сантиметрге чейин жеткен замиокулькасты эл арасында доллар багы же гүлү деп аташат. Мекени – ысык Африка чөлкөмү.

Доллар багын өстүрүүнүн кооздугунан башка дагы 7 себеби:

1. Фен-шуй мыйзамына шайкеш, доллар шүлү акча тартат. Бул «сыйкырдын» орундалышы үчүн гүлдү бөлмөңүздүн түштүк-чыгыш тарабына коюп, топурагына бир нече тыйын (темир тыйын) көмүп койсоңуз болот.

2. Замиокулькас жаңы жерге бат көнөт. Ага болжол менен 2-3 жума убакыт жетиштүү.

3. Бул гүл кымбат керамика кутуларына караганда, пластиктен жасалган арзан идиште жакшы өсөт. Себеби, керамика идиштердин четтери гүл тамырына зыян. Жалпы, замиокулькас үчүн чакан идиш тандаган оң. Бийик, ичке идиш жарабайт.

4. Жаш өсүмдүктүн топурагын алмаштыруунун кереги жок. Гүл сабагы катуу болуп, куту тар боло баштаганда гана жаңы топуракка көчүрүп отургузса болот.

5. Замиокулькасты бир идиштен экинчисине жылына бир жолу гана көчүрүүгө болот. Ал эми анын кереги барбы, же жокпу идишине карап аныктоого болот. Эгер идиш өзүнүн баштапкы формасын өзгөрткөн болсо, гүлдүн тамырларына тар болуп жатканын билдирет. Анда аны дароо көчүргөн жакшы.

6. Акчаны чакырган гүлдү күтүү көп убакыт албайт. Жылдын жылуу мезгилдеринде топурагынын кургап калуусуна байланыштуу сугарып отуруу керек болсо, кышында эки жумада бир жолу суу куйса жетиштүү.

7. Zamiocúlcas”ка арналган бөлмө ичинде орунду табуу оңой. Күн нуру түшпөгөн, нымдуулугу орточо жер болсо болду. Ал эми жаздын күнү гүлдү таза абага балконго чыгарып койсо да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?