Лимон ширесинин 15 пайдасын сунуштайбыз:
1. Курамында кальций, магний, калий сыяктуу элементтер көп болгондуктан, терини нымдаштырып, жансызданудан сактайт.
2. Муун менен булчуң эттеги ооруксунууну басат.
3. Зат алмашууну иретке келтирет.
4. Организмден токсиндерди, башка да керексиз заттарды чыгарган боордун жумушун жакшыртат.
5. Ангина, дем алуу жолу инфекциясы сыяктуу ооруларды алдын алат.
6. Ичеги жолун тазартат.
7. Организмдеги метаболизм кубулушун ишке кошот.
8. Иммунитетти бекемдеп, картаюну токтотот.
9. Курамындагы калийдин аркасында стресс менен күрөшүүгө пайдасын тийгизет.
10. Лимон кошулган суу канды тазалайт.
11. Артериялык басымды төмөндөтүүгө жардам берет. Күндө жеп турсаңыз, басымды 10 пайзга чейин төмөндөтөт.
12. Курамында С витамини көп болгондуктан, терини жашартат.
13. Анын кош бойлуу аялдарга да пайдасы көп. С витамини иммунитетти бекемдеп, дүйнөгө келе турган баланын сөөгөн катырат. Муну менен катар, мээ клеткаларынын түзүлүшүн тездетет.
14. Чай кашык лимон ширесин бир стакан сууга аралаштырып ичсеңиз, ашказан зарнасынан арыласыз.
15. Эң башкысы, бөйрөктөгү ташты жоготот.