Аллергияны пайда кылган тамак-аштар

Аллергияны пайда кылган тамак-аштар
25-Март 2019, Дүйшөмбү, 11:15

Кулак мурун адиси Йавуз Йылдырым аллергия оорусу күндөн-күнгө күч алып жаткандыгын белгилеп өттү. Чоң адамдар арасында отуз пайыз, ал эми жаш балдар арасында кырк пайыз бул оору катталып жаткандыгын дагы кошумчалады. Аллергияга кабылгандар жашоодо, уйкудан, сезүү абалы боюнча жана ийгиликке жетүүдө кыйынчылык жаралат.

Албетте, көпчүлүк дарылар аллергияны жок кылууга жардамга келет, бирок алардын айрымдары такыр таасир бербеген учурлар дагы жок эмес. Дал ушул нерсени окумуштуулар эске алып, аллергиянын жаңы багытын ачууга аракеттенишкен. Анда аллергияга биз жеген тамак-ашыбыз түздөн-түз таасир эте тургандыгын айгинелеп чыгышкан. Ага утурлай, тамак-ашка кошулган пробиотиктер аллергиянын сезгенүүсүнөн сактайт.

Даназыктарындагы глютендер аллергияга өзгөчө рол ойнойт. Башкача айтканда, даяр тамак-аштар, дан азыктары, шекердин азайтылышы аллергиялык сезгенүүдөн бираз болсо дагы коргойт.

Буга кошумча катары үй-бүлөлүк маселелердин жөнгө салынуусу, иште жана туура тамактануу аллергиядан сактануунун жолдору болуп саналат.

Аллергияны айыктыруунун дагы бир жолу - фототерапия (светолечение) жарык менен айыктыруу болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!