Жумушта уйкусуроонун алдын алчу тамак-аштар

Жумушта уйкусуроонун алдын алчу тамак-аштар
27-Март 2019, Шаршемби, 11:38

Жумушта чарчоо, аны баштоо үчүн энергия таба албоо, өзгөчө түшкү тамактан кийин уйкунун басуусу сыяктуусу көрүнүштөрдү байкоого болот.

Бул нерселерди жоюу үчүн туура тамктануу керек экендигин адистер эскертет. Ага себеп катары адамдардын эртең мененки тамакты убакты саатында ичпөө, күнү бою шалдырап жүрүүңүзгө себеп болот.

Эгерде эртең менен жумушка шашып жатсаңыз, жок дегенде бир стакан сүт ичүү, сыр кошулган сендвич жеп алуу алда канча пайдалуу.

Таңкы тамакты майлуу жана курамында углевод көп тамак-аштын ордуна, белок жана түрдүү витаминдерге бай минералдар кошулган тамак-аштарды колдонгон жакшы.

Чай жана булочка жегендин ордуна, жумуртка, сыр, мөмө жана жашылча жемиштер күнүңүздүн ийгиликтүү болушуна жардам берет.

Убакты саатында тамактанууга такыр эле убактыңыз болбосо, анда жаныңызга кургак мөмө-жемиштерден сала жүрүңүз. Ал ортодо грек жаңгагы, бадам, өрүк жана мейизди жеп туруу абдан пайдалуу. Муну менен бирге күнүнө алты стакан суу ичип туруу дагы ден соолугуңуздун чың болуусуна жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!