Үй чарбасына керектүү кеңештер

Үй чарбасына керектүү кеңештер
2-Май 2017, Шейшемби

Кийимдердеги тактардан арылууга пияз жардамга келет. Пияз ширесин кир болгон такка сүйкөп, 24 саат коюу керек. Андан кийин кийимиңизди адаттагдай жууп сала бересиз.

Муздаткычта жемиштер узак мөнөт сакталсын десеңиз, жемиштерди сактоочу жашиктин түбүнө газиттен башка баардык кагазды койсо болот. Аны ар дайым алмаштырып турууну унутпаңыз.

Лимон кабыгын ыргытпаңыз. Идиш жууп жаткан кезде сууңузга салып койсоңуз, идиштериңиз жалтырап жаңы бир өңгө ээ болот.

Эгер пардаңызга антистатик сээп койсоңуз, пардаңызга чаң турбай калганын байкайсыз.

Эгер бут кийимиңиздин такасы тыкылдап жаткан болсо, ага кастор майын сүйкөп, бир түн боюу коюп коюңуз. Эртеси самын сууга жуулган нымдуу чүпүрөк менен сүртүп саласыз.

Алтын жасалгаларыңызды тазалай албай жүрөсүзбү? Идиш жуучу суюуктукка салып 15 мүнөт коюу керек. Андан соң жумшак чүпүрөк менен сүртүп салыңыз.

Жаңы джинсыңыздын өңү бир аз өчкөндөй болуусун кааласаңыз аны туздуу сууга салып коюңуз.

Күрүчтү кайнатып жаткан сууга 1 аш кашык уксус куйсуңуз, аппак жана эзилбей бышат.

Күрүчтүн аппак болушу жана эзилбеши үчүн аны кайнап турган туздалган сууга салып туруп, бир нече тамчы лимон ширесин же болбосо сууга эритилген лимон кислотасын кошуңуз.

Ачылган помидор пастасын сактоо үчүн капкагына кургак горчицаны салуу керек.

Кызылча 3 - 3,5 саатта бышат. Аны тез кайнатып, бышыруу үчүн 1 саат кайнатып, андан кийин 10 мүнөт муздак сууга кою керек. Кызылча даяр болот.

Эгер сиз жаш жана жаңы экендигине шектенсеңиз идишке 10 сантиметрге жеткендей суу куюп, жумуртканы салыңыз. Жаңы жумуртка жатып калат. Ал эми бир жагы көтөрүлсө ал жумуртканы биринчи пайдалануу керек.

Кофени катуу кайнатууга болбойт. Даамы жана жагымдуу жыты жоголуп кетет. Эгер сиз катуу кайнатып салсаңыз, кофе кайнатуучу идишти оттон алып, бир нече тамчы муздак суу куюп салыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!