Витамин кошулмалары зыянбы?

Витамин кошулмалары зыянбы?
10-Апр. 2019, Шаршемби, 12:00

Акыркы изилдөөлөр боюнча, витамин кошулмалары ден соолукка зыян тийгизе тургандыгын аныктап чыгышты. Аталган изилдөө аралашманы “Тафтс” Университетинин окумуштуулары изилдеп чыккан.

“NBC News” агенттигинин берген маалыматына ылайык, 27 725 америкалык бойго жеткен балдар бул изилдөөгө катышкан. Изилдөөгө катышкандардын көпчүлүгү кубат берүүчү витамин жана минералдарды колдонгон.

Анын жыйынтыгы боюнча, витамин кошулмаларын көп колдонгондордун жүрөк оору, кан тамыр оорулары жана рак оору тобокелдикке кабылган.

Муну менен бирге кальций кубаттоочулар дагы ракты пайда кылып, эрте өлүмгө алып келе тургандыгы тастыкталган.

Адистер, витамин кошулмалардын ордуна, табигый азыктар алда канча пайдалуу экендигин айтып өтүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!