Сарамжалдуу эне болууга арналган кеңештер

Сарамжалдуу эне болууга арналган кеңештер
18-Апр. 2019, Бейшемби, 12:11

Ата-эне болуу дүйнөдө эң толкунданган жана адамды бактылуулукка жетелеген сезим. Жаш балдардын кичинекей быйтыйган бут кийимдери, кийимдери жана алардын алгачкы ирет ойногон оюнчуктарын сатып алуу үчүн ата-энелер күн мурунтан даярданышат.

Ар бир эле ата-эне баласынын бат чоңоюшун каалайт эмеспи. А бирок, алар канчалык чоңойгон сайын, ошончолук каржы чыгымы кеткенин эске алуу керек. Мындай шартта алар кандай жол менен сарамжалдуу боло алат.

Сарамжалдуу эне болуш үчүн...

-Балаңызга керектүү буюмдарды алуу үчүн атайын тизме түзүңүз. Ага атайын өзүнчө акча каражатын бөлүп коюңуз.

-Дүкөнгө барганда түзүлгөн тизмеден ашыкча чыгым кылбоого тырышыңыз

-Балаңызга керектүү буюмдардын баасын ар кайсы дүкөндөрдөн карап, салыштырыңыз

-Бир нерсе сатып алууга чыгып жатканда ашыкча толкунданбаңыз. Ашыкча толкунданып жатып, көп чыгымга учурап калганыңызды аңдабай каласыз. Ансыз да бала бат чоңоёт, мисалга үч айлык балага көп деле кийим алуунун кажети жок.

-Айрым учурда соодалашып жатып, керектүү буюмуңузду бираз да болсо төмөн баага ала аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!