Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?

Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
22-Июль 2019, Дүйшөмбү, 13:28

Жумуртка сөөктүн жана булчуңдардын өсүүсүн камсыздаган мыкты азык. Анткени анын курамы протеиндерге жана витаминдерге бай.

Акыркы учурда маркеттерде орун алган “ак” жана “сары” жумуртка боюнча тартышуу ой-пикирлер жаралып жүрөт. Бул көрүнүш айрым адамдар үчүн мааниге деле ээ эмес болсо, айрым кардарлар үчун кандайдыр бир өзгөчө мааниге ээ.

Ал ортодо адистер эки жумуртканын ортосунда эч кандай бир “айырмачылык” болбогондугун айтып келет.

“Ак” жана “сары” жумуртка боюнча атайын изилдөөдө алардын бышкандагы даамы, курамы жана бышуу формасы боюнча орун алган.

Жыйынтыгында, эки жумуртканын критерийлери боюнча, эч кандай айырмачылык байкалган эмес.

Адистер: алардын пакеттелгендиги боюнча гана айырмачылык болгондугуна токтолгон. Ал эми кардарлар болсо, өздөрүнө жаккан түстөгү жумуртканы тандоого токтолот.

Адатта психологиялык анализ боюнча, адамдар сары жана ак жумуртканын бир пакетте болгондугун каалабайт. Ошондуктан жумурткалар маркеттерде дагы эки башка жерден орун алган.

Негизинен жумуртканын ак жана сары түстө болушу, тооктордун кулак көнчөгүнө байланыштуу экен. Ошондой эле, жумуртканын сырты жумшак жана катуу болуусу тооктун жашына байланыштуу. Мисалга, жаш тооктордун жумурткасынын кабыгы катуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!