Уялчаактыктан арылуунун 6 жолу

Уялчаактыктан арылуунун 6 жолу
15-Май 2017, Дүйшөмбү

Көпчүлүктүн арасында уялып, тартынып жүргөн жандар болот. Алар көбүнчө ичиндеги убайым-кайгысын өзгөлөр менен бөлүшө бербейт.

Негизинен көпчүлүктүн ичинде уялуу, өзүн ыңгайсыз сезүү көбүнчө өзүнө болгон ишенимдүүлүктүн аздыгынан келип чыгат.

Уялчаактыктан пайда болгон ийгиликсиз жагдайлар, басынтуу, кордоо, уруштан жана башка оор кырдаалдарда тамаша кылып, тепкиге кабылып калуусу мүмкүн. Мындай жагдайлардан улам кысылып, бук болуп калган учурларда психологдун жардамына кайрылышыңыз зарыл.

Уялуудан арылуунун 6 жолу туурасында айта турган болсок алар төмөнкүлөр:

1. Уялуудан арылуунун бир жолу-өзүңдү сүйүү жана урматтоо. “Уялбаган буюрбаганды алат” дегендей көпчүлүктүн арасында өз оюңузду сыртка чыгарууга тырышыңыз.

2. Жакын адамдардын иштеген ишине, өзүнө деген ишенимдүүлүгүнө көңүл бөлүңүз. Анын ийгиликке жетүү сырлары, өзүн ортодо алып журүүсү, ар түрдүү жагдайлардан кантип чыгаарын, мунун баарын байкап туруңуз. Жакшы касиеттерин, өмүрдөгү прициптерин, максатка жетүү жолундагы тапкычытыгын, жашоо тажрыйбасындагы пайдалуу учурларын өзүңүзгө сиңдире билиңиз.

3. Сынды «чын» кабылдай бербеңиз. Себеби, сизди буттан чалгысы келген адамдар четтен чыга бериши мүмкүн. Ар бир айтылган сындын туурасы менен катасын анализдей билиңиз. Өзгөлөрдүн көз карашы жана пикирлери менен өмүр сүрүүгө болбойт. Өзүңүздүн көз карашыңызды калыптандырыңыз.

4. Өмүрдөгү жетиштигиңиз менен жеңишиңизди ой элегинен өткөрүп туруңуз. Өзүңүзгө деген ишенимдүүлүтү арттырыңыз. Өзүңүздү ар бир убакта эркин сезгенди унутпаңыз.

5. Ар качан колуңуздан келген иштен баштоого тырышыңыз. Бирден кыйын иштен баштабаңыз. Психологиялык көз караштан биринчи даярдыкты баштап барып, андан кийин аракетке көчүңүз.

6. Ар бир кыйындыкка моюн сунбай убакытында жооп берүүгө тырышыңыз. Чечилбеген түйүн сыяктуу көрүп, кийинкиге калтыра бербеңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!