Терибиз эмне үчүн бат картаят?

Терибиз эмне үчүн бат картаят?
1-Авг. 2019, Бейшемби, 10:53

Тери-сырткы факторлордон коргоочу эң негизги күч болуп саналат. Узак мөөнөткө сакталган, курамы боёк кошулмаларга бай жана туздуу тамак-аштар теринин бат картаюсуна себеп болот.

Тери организмге түшкөн радиоактивдүү заттар менен оор металдардан азап чегет. Ошондуктан, А, Е, С, РР витаминдерге бай азыктар жана жашылча-жемиштер теринин кургап, бат картаюсунун алдын алат.

Булардын катарын сиз көк чөп салаттары, сабиз, помидор жана көк чай менен толуктасаңыз болот. Жемиштерден жасалган соктор, териге бырыш түшүүдөн сактайт. Эгерде бетиңиздин териси бошошуп кетсе, анда жаңгак, жумуртка, боор жана сүт пайдаланыңыз.

Эгерде териңиз кандайдыр бир жаракатка учурап, ал узак убакытта айыкса, анда сиздин организмиңизге белок жетишпестигинен кабар берет.

Ал эми белокту сиз балык, тоок эти жана үндүктөн ала аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!