Стресстен коргогон эң пайдалуу азык

Стресстен коргогон эң пайдалуу азык
13-Авг. 2019, Шейшемби, 11:09

Жай-бул иммунитетти бекемдөөчү эң сонун мезгил. Дал ушул жай мезгилинде сиз өзүңүздү чөп өсүмдүктөрү жана мөмө-жемиштер аркылуу организмиңизди витаминдерге толтуруп алсаңыз болот.

Жашыл буурчак азыгынын курамы витамин Вга бай болгондуктан, нерв системасын жөнгө салуучу касиетке ээ. Ошондой эле анын курамы белокко бай келип, булчуңдарды чыңдоого жардам берет.

Белгилүү диетологдордун айтымында, жашыл буурчак азыгын көп өлчөмдө колдонуу аркылуу сиз ашыкча стресстен арылуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон болосуз.

Адистер, жашыл буурчактан сырткары петрушка, укроп, сельдерей, кинза жана пияз өсүмдүктөрүн көп колдонууну сунуш кылат. Петрушка өсүмдүгүнүн курамы лимондон төрт эсе С витаминге бай. Ал эми, калган өсүмдүктөрдүн курамы-витамин В, С, А, бето-каратин, цинк, темир жана фосфорго бай.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!