Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?

Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
16-Авг. 2019, Жума, 16:29

Эгерде сиздин тырмагыңыз, чачыңыз сынып, уйкусуздук каптап жатса, анда төмөнкү кеңеш сизге жардам берет.

Бөйрөктүн үстүндө жайгашкан бездер - түрдүү гормондорду бөлүп чыгарган функцияга ээ. Дал ошол гормондор зат алмашууну жакшыртып, иммунитетти чыңап, кан басымды бир калыпка келтирип, стресстен арылууга туруштук берет.

Өзүңүз көрүп тургандай, ал бездердин биринин туура эмес иш аткаруусу, бир канча ооруну пайда кылганга себеп болот. Мындай кырдаалга туш болбош үчүн төмөнкү азыктардын кошулмасы сизге жардамга келет.

Керектелүүчү азыктар:

-Грек жаңгагы

-Бал

-Петрушка жалбырагы

-Мейиз

-Имбирь

Эң алгач грек жаңгагын майдалап алып, ага тууралган петрушканын жалбырагын кошосуз. Андан соң мейиз жана бираз имбирь кошуп коюңуз.

Даяр болгон аралашманы эки чай кашыктан, эртең менен ач карын ичүү кажет. Эксперттер даяр болгон аралашманы жумасына үч маал колдонууну сунуш кылат. Бул учурда организмиңиз бир калыпка келип, жакшы уктап калганыңызды байкай аласыз.

Муну менен бирге тырмактардын жана чачтын бекем болушун камсыздайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР