Үтүктү тазалоонун өзгөчө жолдору

Үтүктү тазалоонун өзгөчө жолдору
19-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 12:01

Абдан кылдаттык менен кийим үтүктөгөнүңүзгө карабай, айрым учурда капыстан үтүктө пайда болгон такты байкоого болот.

Мындай шартта, биздин үтүккө куйган суубуз маанилүү. Үтүктүн мыкты иштөөсү үчүн лимон тузу жардамга келет. Ал үчүн бир мискейди алып, ага лимон тузун салып кайнатып аласыз. Даяр болгон туздуу лимон суусун үтүктүн ичине куюп, аны токко сайып, пар чыгарасыз. Дал ошол пар аркылуу үтүктүн ичинде туруп калган кеберлерди тазалап алган болосуз.

Эгерде сиз бир жакка шашып жатып, кийимиңизди күйгүзүп, үтүктө так пайда кылсаңыз, анда кадимки эле ашкана тузу сизге жардамчы болот. Такты тазалоо үчүн алгач үтүгүңүздү бираз ысытып алып, ага үйдөгү ашкана тузун сүртүңүз. Бул ыкма менен сиз үтүктөгү жагымсыз тактан бат эле арылган болосуз. Кийин таза сүлгү менен аарчып, колдоно бересиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР