Ооздогу жагымсыз жыттын алдын алуучу кеңештер

Ооздогу жагымсыз жыттын алдын алуучу кеңештер
26-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 10:45

Көбүрөк суу ичиңиз

Шилекей ооз көңдөйдөгү түрдүү бактериялардан коргойт. Ооз көңдөйү кургап калганда анда микробдор көбөйө баштайт. Ошондуктан күнүмдүк жашоодо сууну көп ичүү кажет.

Күчтүү тамактаныңыз

Курамы С витаминге бай мөмө-жемиштерди көбүрөөк колдонуңуз. Мисалга, тамактангандан соң, сабиз менен алма жемиши жагымсыз жыттан арылууга жардам берет.

Көк чай ичиңиз

Көк чай антибактериялык касиетке ээ болгондуктан, ооздогу жагымсыз жытты кетирүүгө жардам берет.

Тилиңизди тазалап турганды унутпаңыз

Тишиңизди тазалаган сайын, тилди да тазалап туруу керек.

Канты жок сагыз чайнаңыз

Эгерде сиз жолго чыгып жатсаңыз, анда канты жок сагыз жардамга келет.

Сергитүүчү спрей колдонуңуз

Эң эле жок дегенде тамактангандан соң, сергитүүчү спрейлерди колдонуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР