Банка атылбаш үчүн эмне кылган туура?

Банка атылбаш үчүн эмне кылган туура?
10-Сен. 2019, Шейшемби, 10:19

“Жаз жарыш, күз күрөш демекчи” берекелүү күз айы келип, элдер кышкыга камын ойлоп жаткан кез. Өзгөчө аялдар бадыраң туздап, түрдүү салаттарды камдап жаткан учур.

Үй шартында жасап бышырылган салаттар абдан даамдуу болот эмеспи. “Салат жапкан же бадыраң туздаган банкам атылып кетти” деген айымдардын сөзүн угуп эле калабыз. Ал нерсенин алдын алуу үчүн төмөнкү кеңештер ашыкча кылбас.

1.Эң алгач эле банкаңызды аш содасы менен жууп тазалап алыңыз. Мисалга, бир литр жылуу сууга, бир чай кашык сода кошуп жууган жакшы.

2. Кааласаңыз аш содасын суутек кычкылы (перекись водород) менен алмаштырып алсаңыз дагы болот. Ал үчүн, бир литр жылуу сууга үч пайыздагы он тамчы суутек кычкылын кошуп, банкаларды жууш керек.

3.Банкаларды жууп алган соң ар бирин 3-5 мүнөткө чейин буулап алган жакшы.

4.Салаттын түрлөрүн, компотту оозуна чейин суу толтуруп жапса болот жана капкакты бир ирет эле бурап жапкан жетиштүү.

5.Туздалган жана маринаддалган консервалардын оозун өтө толтуруп жапкан туура эмес.

6.Жаап жаткан салатыңызга бир чай кашык өсүмдүк майын куюп жапсаңыз, салатыңыздын дагы даамы сонун болуп, сакталуусу жакшы болот.

7.Жемиштерди жана мөмөлөрдү жабууга убакыт тапсаңыз, алар тез бузулуп кетпеш үчүн: Бир стакан уксуска үч стакан суу куюп, мөмө-жемиштерди жууп алыңыз. Албетте, артынан таза суу менен улам-улам чайкоо керек.

8.Бадыраң атылып кетпеш үчүн, аны алдын-ала беш-алты саат муздак сууга салып, чылап койгон жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты