Биз бүгүн үй шартында казанга самсы бышырууну үйрөнөбүз!
Камырына эмнелер керектелет?
Ун 400 грамм
1 жумуртка
Туз
Жылуу суу
Суу май 3 кашык
Маргарин керектелет
Алгач эле камырын жакшы жууруп, жука кылып жайып алабыз. Жука жайылган камырдын үстүнө, эритилген маргаринди сүйкөйбүз. Кийин камырды ороп муздаткычка салып коебуз.
Фаршты даярдоо жолу
Эт 300 грамм
Пияз 2 даана
Ич май
Суу
Майда зире
Кара мурч
Төмөндөгүлөрдүн бардыгын аралаштырып, бир чыны суу куюп алабыз. Камырды кичинекей кылып кесип, ичине фаршты салып түйүп алабыз
Андан кийин жумуртканын агы менен сарысын бөлүп алуу керек. Агына бираз туз аралаштырып коюп коебуз. Даяр болгон самсынын бетине кунжут сээп аласыз. Кийин казанды ысытып, жумуртканын агын самсынын алдына сүйкөп, сарысын бетине сүйкөп казанга жабыштырып аласыз. Бардыгын жабыштырып алган соң, 45 мүнөт жай отко демдеп бышырасыз.