Быштак менен жасалган пирог

Быштак менен жасалган пирог
8-Окт. 2019, Шейшемби, 11:11

Бүгүн биз сиздерге үй шартында оңой эле жасала турган, абдан пайдалуу быштактан жасалган пирогду сунуш кылабыз.

Курамына

Ун 700 грамм

Шекер пудрасы 200 грамм

Көптүрүүчү кошулма бир чай кашык

Ваниль шекери бир таңгак

Каймак май 250 грамм

Туз бир чымчым

Сметана 3 аш кашык

Жумуртка 2 даана жана 2 жумуртканын сарысы

Ичин толтурууга

Быштак 750 грамм

Шекер пудрасы 200 грамм

Ваниль шекери 1 таңгак (пачка)

Жумуртканын агы 1 даана

Эң алгач унга шекер пудрасын, ваниль шекерин, туз жана көптүргүчтү кошуп аралаштырып алабыз. Андан кийин анын үстүнө каймак майды өткөргүчтөн өткөрүп аралаштырабыз. Аралаштырган соң, сметананы жана жумурткаларды кошуп камыр кылып жасап алабыз. Камырды 30 мүнөт тыныктырып койгон жакшы.

Камырдын ичине дагы быштакка: шекер пудрасын, ваниль шекерин жана жумуртканын агын кошуп арлаштырып даяр кылабыз.

Эми камырды төрт бурчтуу кылып жайып алып, анын ичине быштак аралашмасын салабыз. Дагы бир камырды өзүнчө жайын алып, аларды узун-узун бөлүкчөлөргө бөлүп, быштактын үстүн крестик кылып кооздоп аласыз. Бардыгы даяр болгон соң: 180-200 градуста, 30-35 мүнө бышырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!