Краб таякчасы менен жасалган салат

Краб таякчасы менен жасалган салат
25-Окт. 2019, Жума, 10:32

Бул салат абдан тоюмдуу келип, оңой жасалат.

Керектелүүчү азыктар

200 грамм краб таякчасы

140 грамм консерваланган буурчак (кукуруза)

Күрүч эки чоң кашык

Жумуртка эки даана

Майонез 100 грамм

Көк чөп 15 грамм

Татымына жараша туз кошулат

Даярдоо жолу

Алгач күрүчтү жана жумуртканы бышырып алабыз. Краб таякчасын майда кубик сыяктуу туурайсыз, ага утурлай жумуртка жана көк чөптү дагы майда кубик кылып туурап аласыз. Кийин буурчактын суусун төгүп, ага тууралган: жумуртка, көк чөп, краб таякчасын, туз жана майонезди кошуп аралаштырасыз. Салатыңыз даяр, аны кааласаңыз көк чөптөр менен кооздоп койсоңуз дагы болот.

Бул салаттын өзгөчөлүгү, ага кааласаңыз туздалган бадыраң, сыр капталган кириешки же пекин капустасын дагы кошуп жасасаңыз боло берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!