Кандагы холестеринди түшүрүш үчүн сарымсак колдонуңуз!

Кандагы холестеринди түшүрүш үчүн сарымсак колдонуңуз!
1-Ноя. 2019, Жума, 11:29

Адистердин айтымында, организмде холестериндин өлчөмү жогорулаганда жүрөккө зыян жаратат.

Глюкоза дагы организмдеги энергиялык балансты сактап турганга жардам берет. Организм жетиштүү глюкоза алганда гана ал нормалдуу шартта иштейт. Кандагы глюкозанын бирде өйдө болуп, бирде түшүп кетиши ар кандай ооруну жаратышы мүмкүн. Мындай абалда сарымсак глюкоза менен холестеринди бирдей деңгээлде кармап турганга пайдалуу.

Сарымсактын пайдасы

Сарымсакты адамдар тээ илгертен бери дарылык касиетин колдонуп келген. Өзгөчө анын антибактериялык таасири күчтүү. Ал А,С,P,B витаминдери, кальций, магний, цинк, фосфор жана темирге бай. Ага кошумча сарымсак сизге энергия берүүчү өсүмдүк.

Бул боюнча атайын изилдөө жүргүзүлгөн. Анда: 40-50 жаш арасындагы эркектерге 16 апта бою сарымсак берилген. Анын жыйынтыгында аларда кандын түзүмүндөгү холестерин жана глюкозанын өлчөмү азайып, өздөрүн жакшы сезип калгандыгы айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!