Тунец кошулган салат даамдуу гана эмес, пайдалуу дагы. Себеби, тунец балыгында организмге керектүү көптөгөн аминокислоталар бар.
Керектелүүчү азыктар
Тунец балыгы (согу менен) 180-200 грамм
Жүгөрү консерваланган 200 грамм
Жумуртка 3 даана
Бадыраң 2 даана
Татымына жараша туз, мурч жана көк чөп колдонулат
Бадыраңды, жумуртканы соломка кылып туурап алабыз. Кийин тунец балыгын, жүгөрүнү жана тууралгандардын бардыгын кошуп аралаштырып, үстүнө татымына жараша туз, мурч жана укроп кошобуз.
Кааласаңыз салат жалбырагын жана помидор кошуп кооздосоңуз болот.