Уксус көгөргөн жерлерге каршы

Уксус көгөргөн жерлерге каршы
29-Май 2017, Дүйшөмбү

Кадимки ар бир үйдө кездешкен уксус кислотасы көптөгөн көктүн түрлөрүн жок кыла алат. Анын жыты болот, бирок агартуучу (отбеливатель) сыяктуу абага зыяндуу заттарды чыгарбайт. Көгөргөн жерлерди жууп тазалоо үчүн аны чачыратуучу каражат менен же болбосо сүлгүнү суулап алып тазалайт. Андан соң бир сааттай коё туруп, суу менен тазалап жууп жана бөлмөнүн терезелерин ачып желдетет. Көктү алдын алуу үчүн жума сайын ал жерлерди тазалап туруу кажет.

Суутек перекиси көгөргөн жерлерге каршы

Суутек перекиси да көгөргөн жерлерге каршы колдонулат. Себеби ал бактерияларга жана грибокко каршы каражат болуп саналат. 3 пайыздуу суутек перекисин дарыканадан сатып алууга болот. Ал уулуу эмес жана жаман жыт чыгарбайт. Суутек перекиси натыйжалуу көптөгөн көгөргөн жерлерди жок кылат, бирок ошол эле учурда ал агартуучу күчүнө ээ. Ошондуктан, кездемелер жана сырдалган беттерди этияттык менен колдонуу керек.

Нашатырь спирти

Көгөргөн жерлерге каршы колдонулат бирок, хлор сыяктуу. Мисалы, плитканын же айнектин бетиндеги көк баскан жерлерди кетиргени менен майда тешикчелери бар материалдар чыгаруу үчүн натыйжалуу эмес. Нашатырь спирти менен көгөргөн жерлерди кетирүү үчүн суу менен аралаштырып, аралашма менен көгөргөн аянтка чачып чыгуу керек. Бир нече сааттан кийин жууп салынат.

Анын жыты башты оорутуп жана тамактын кычышуусуна алып келет. Агартуучу каражат менен нашатырь спиртин аралаштырууга болбойт, себеби токсин газдары бөлүнүп чыгат.

Ашкана содасы грибокторго каршы

Ашкана содасы көгөргөн жерлерди кетирүүгө жардам берет. Ал табигый жана кооптулук жаратпаган каражат катары грибокторду жок кылат. Башка курамында кооптуу химиялык заттары бар каражаттардан айырмаланып, сода үй-бүлө мүчөлөрүнө жана үй жаныбарларына зыян алып келбейт. Бир чай кашык соданы стакан сууга аралаштырып, жабыркаган жерлерге чачыратып же болбосо сүлгү менен сүртүп чыгуу кажет. Содалып жууган материалдын үстүн кайрадан таза суу менен жуунун кажети жок, себеби ал кайрадан пайда болуусун алдын алат.

Көгөргөн жерлерди турдүү химиялык каражаттардын жардамы менен жууп чыгып коюу көйгөйдүн жарымын гана чечет. Ал эми калган көйгөйдү чечиш үчүн үйдү кургак кармоо жана ар дайым желдетип туруу зарыл.
Кандай гана жол менен көгөрүп кеткен дубалды тазалабаңыз ал сиздин ден соолугуңузга зыян алып келет. Тазалап жаткан маалда анын майда чаңдары дем алганда кирип кетүүсү же териге жабышып калуусу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!