Идиштеги тактарды кантип кетирүү керек?

Идиштеги тактарды кантип кетирүү керек?
30-Май 2017, Шейшемби

Кашыктардагы сары тактарды, идиштеги жумуртканын тагын кетирүүгө нымдалган туз жардам берет. Уксус колдонулган идиштердеги такты кетиргенге спирт же кир жууган айна ылайык. Алюминий мискейлердин ичин жалтыратыш үчүн картошка, алманын кабыгын салып бир аз убакыт кайнатсаңыз сиз күткөндөй жыйынтык келип чыгат. Салат салган металл идишти колдонгондон кийин дароо жууп салбасаңыз уксус же лимон кычкылтеги бат сиңип көпкө чейин кетпейт. Мискейдин түбүн күйгүзүп алсаңыз, түбүнө сууга тузду чылап туруп бир азга коюп коюңуз. Андан кийин күйүктү жууганга кыйла жеңил болот. Тамак бышырган плитанын жээгин уксуска чүпүрөктү малып алып сүртсөңүз бир эле учурда тактан да, жагымсыз жыттан да арыласыз.

Айнектерге кандай мамиле жасоо керек?

Терезенин айнегин жууганда боз ала так калбаш үчүн жууп жаткан сууга бир аз өлчөмдө крахмал кошуп койсо болот. Терезенин айнеги ным тартып, кышкысын тоңбош үчүн глицерин майы менен сүртүп турса болот. Күзгүгө чымын конуп, бетин булгаса, күзгүнү чийки пияз менен сүртүп коюу керек. Ал эми күзгүнүн бети чийилбеш үчүн жууп жатканда жылуу сууга эки чай кашык уксус кошуп койгон жакшы.

Хрусталь идишти жуугандан кийин крахмалга чыланган чүпүрөк менен сүртсө жакшы жалтырайт. Ичке айнек идиштерди (гүл салган кумаранын мойнун) жылуу сууга жумуртканын кабыгын майдалап, ошонун жардамы менен чайкап жууган ыңгайлуу. Ал эми кадимки айнек идиштерди уксуз же туз кошулган жылуу сууга жууп, муздак суу менен чайкаса жакшы тазарат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!