Кандай шартта чай ичүү зыян?

Кандай шартта чай ичүү зыян?
16-Янв. 2020, Бейшемби, 10:36

Чай көптөгөн адамдардын жакшы көргөн суусундугу. Өзгөчө картайган адамдар олтуруп алып ысык чай ичкенди жакшы көрүшөт. Анын себеби чайдын курамында сергитүүчү кофеин болгондугунда.

Кандай шартта чай ичпеген дурус?

Тумоолоп, дене табыңыз көтөрүлүп жаткан учурда чай ичпей эле койгон жакшы. Анткени, чайдын курамындагы кофеин сиздин дене табыңызды ансайын жогорулатып жибериши мүмкүн жана ичкен дарыңыздын күчүн жоюп жиберет

Нерви жука адамдар чайды аз колдонгону дурус. Себеби, чай андай адамдарды уйкусуздукка чалдыктырышы мүмкүн

Кан аздуулук менен ооруган адамдар-чай ичүүдөн баш тарткандары оң

Бөйрөгүндө ташы бар адамдар дагы колдонсо болбойт

Ач карын чай ичкен болбойт. Тамак жеген соң, 20 мүнөттөн кийин ырахаттанып чай ичсе болот

Жаш балдарга коюу демделгнен чай бергенге болбойт. Бул нерсе алардын каны аздуулук жана темир жетишпөөчүлүк сыяктуу ооруларга дуушар кылышы мүмкүн

Адатта биз кечинде чай ичкенди жакшы көрөбүз, бул туура эмес. Анткени организмдеги зат алмашууга терс таасирин тийгизет

Чайдын курамындагы сергитүүчү кофеин-жүрөктүн согуу ритминин бузулушуна себеп болот. Ошондуктан жүрөгү ооругандар чайдын ордуна кайнак суу ичкендери жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР