Сагыз жөнүндө

Сагыз жөнүндө
1-Июнь 2017, Бейшемби

1869-жылы Томас Адамс деген киши чикленин рецебин алып, ошонун негизинде сагызды ойлоп чыгарган.

Чикле – индейцтер чайначу саподилла дарагынын маңызы.

Сагыз негизинен кумшекерден, чайналуучу бөлүгү жүгөрү сиробунан жана ар кандай жыпар жыттардан, боёктордон жасалат.

Сагыз ички жана сырткы майда капсулалардан тургандыктан, алар шилекейде өтө-өтө акырындык менен ээрийт.

Японияда өзгөчө айырмаланган сагыздарды чыгарышат. Чайнап жаткан адамдын көңүлүнө карата сагыздын өңү өзгөрүп турат.

Ал эми Сингапур аралында жашагандар сагызды таптакыр эле чайнашпайт, себеби арал кичинекей болгондуктан, алар ар кандай ашыкча таштандылардан коркушат.

Сагыздын пайдасы жана зыяны:

Сагыз адамдын акыл жөндөмүн өстүрүп, көңүлдү көтөрөт. Ар кандай дене тарбиялык оюндарда жөндөмдүүлүктү арттырат. Ошон үчүн хоккейисттер дайыма оюн алдында сагыз чайнашат.

Ал эми сагыздын зыяны тууралуу айтсак, аны чайнап жатып иш кылган адамдын көңүлү алагды болуп, кабыл алуусу начарлайт.

Эскертүү: Сабак учурунда жана коомдук жайларда сагыз чайноо бул мугалимге да, жаныңдагы досторуңа жана айланадагы адамдарга жаман таасирин тийгизип, адепсиздиктин белгисин билдирет!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!