Лимондун пайдалары

Лимондун пайдалары
2-Июнь 2017, Жума

Ашканада, сулуулукта лимондун көп эле пайдалуу касиеттерин билебиз. Ал эми үй тиричилигинде лимонду ар кандай максатта колдонууга болоорун көпчүлүк биле бербейт.Айрыкча химиялык тиричилик каражаттарынан аллергиясы барлар үчүн лимон эң мыкты жардамчы.

Лимонду такты кетирүү максатында колдонсо болот. Лимон ширеси менен бир аз тузду аралаштырып, бул аралашманы так болгон жерге сыйпайсыз. Бир аздан соң жууп саласыз.

Кийимдеги кандан, атүгүл даттан калган такты кетирүүдө да лимон пайдаланылат. Кийимдин ошол жерине бир аз лимон ширесин төгүп, анын үстүнө туздан себелейсиз да, кийимди күнгө жайып коёсуз. Бир нече сааттан кийин карасаңыз тактан дайын калбайт.

Ак түстөгү кийим, дасторкон же башка буюмдар убакыттын өтүшү менен саргара баштайт. Мындай учурда аларды лимон ширеси кошулган сууга кайнатсаңыз болот.

Конок тоскондун эртеси дасторкондо пайда болгон винонун, сыранын тактарын кетирүү үчүн да лимон жардамга келет. Ал үчүн ортосунан бөлүнгөн лимондун жарымы менен так болгон жерди сүргүлөп, күнгө бир аз жайып коёсуз. Андан соң дасторконду таза жууп, жакшылап чайкап саласыз.

Үйдү жыйнап-тазалоодо да лимондун пайдасы көп тиет. Ваннадагы жана ашканадагы крандарды лимондун кабыгы менен сүртүп, андан кийин самын суу менен жууйсуз да, анын артынан кургак чүпүрөк менен сүртүп чыксаңыз, алар жаркырап калат.

Ушул сыяктуу эле лимон металл мискейлерди да жалтыратат. Ал үчүн мискейлериңизди лимондун кабыгынын ич жагы менен сүртүп, андан соң жууп саласыз.

Эгер үйүңүздө майда кумурскалар пайда болсо, кумурсканын чыккан жерине лимон ширесин сүртүп коюңуз. Бир канча убакыттан кийин аракетиңиздин жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт.

Лимондун дагы бир жакшы касиети - башка жемиштер салынган идишке лимонду кошуп салып койсоңуз, ал жемиштердин бузулуусунан сактайт. Ошондой эле быша элек бананды тезирээк бышырат.

Тамак жасоодо колуңуз балык, пияз, сарымсак жыттанып калса, колуңузду, сиз пайдаланган бычакты, тактайды лимон менен сүртүңүз. Андан соң жууп салсаңыз, жагымсыз жыттан эч нерсе калбайт.

Кичи толкундуу мештин ичиндеги жагымсыз жыттан арылуу үчүн лимондун бир нече кесимин жана бир пиала сууну мештин ичине коюп, аны максималдуу кубаттуулукта 2 мүнөткө иштетип коюңуз.

Ушул сыяктуу эле лимон муздаткычтын ичиндеги жагымсыз жытты да өзүнө сиңирип алат. Ал үчүн лимонду экиге бөлүп, аны бир нече убакытка муздаткычка салып коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!