Ичимдик, тамекинин жыты жана сарымсактын жытынан оңой эле арылууга болот.

Ал үчүн төмөндөгү кеңештер сизге жардамга келет.

1.Жагымсыз жыттан арылгыңыз келсе чийки алманы көп жеңиз

2.Укроптон жасалган суусундук дагы ооздогу жагымсыз жыттарды кетиргенге жардам берет

3.Кургатылган петрушкадан бир аз жесеңиз эле, сарымсактын жытынан арылган болосуз

4.Арак, тамекинин жана сарымсактын жыты кийимге бат сиңет эмеспи, аны кайнатылган кара чай менен кетирүүгө болот

5.Эгерде тамак сиңирүү системаңыздан жагымсыз жыт келип жатса, анда күнүнө үч маал активдүү уголь дарысын ичип коюңуз

6.Бутерброд, шоколад жегенден соң, оозуңузду чайкап алууга убактыңыз болбосо, анда канты аз сагыз жаныңызга алып жүрүңүз.