Алма жемишинин пайдалуу жагы менен кошо ден соолукка зыяны тууралуу уктуңуз беле?

Анын курамы: С, В1, В2, Р, Е витаминдер менен кошо марганец, калий, кальций, фосфор, натрий, бор микроэлементтерине бай. Алмадагы темир кан айлануу үчүн абдан пайдалуу.

Ошол эле учурда-боор, бөйрөк, ашказан, ичеги-карындын жумушун мыкты аткарууну камсыз кылат. Бет терисин жаш көрсөтүп, терини сонун жылмакай кылып коёт. Холестериндин өлчөмүн азайтып, ич катуунун алдын алат, ич өтүүнү эмдеп, иммунитетти бекемдейт.

Сиз алманы тизмектелген пайдасын көрүп эч кандай зыяны жок деп ойлоп жатсаңыз керек.

Ал арада диетолог адистер ашыкча алма колдонуу: жоон ичегинин сезгенүүсүн пайда кылып, ичеги-карынга терс таасир этип калышы мүмкүн экендигин эскертет.

Ага утурлай: ашказан жарасы пайда кылып, тиштеги эмальга да зыяны тиет.