Терезени химикатсыз тазалоо үчүн

Терезени химикатсыз тазалоо үчүн
7-Июнь 2017, Шаршемби

Химикаттар адам ден соолугуна өтө зыян. Ошол себептен үйдү жыйнап, тазалоо кезинде көп пайдаланбоого тырышыңыз. Сиздер үчүн терезелерди экологиялык каражаттар менен тазартуунун жолдорун сунуштайбыз.

1. Терезелер менен чынынын ичин туздуу суу менен тазалоого болот. Бул ыкма аркылуу терезе жалтырап чыга келет.

2. Тузду суу менен жуулган терезе тоңуп калбайт. Эгер терезе бетиндеги музду кетиргиңиз келсе, жарты литр сууга туз салып, сүлгү менен сүртүңүз. Андан кийин башка чүпүрөк менен кургатып чыгыңыз.

3. Терезе рамаларын боёрдун алдында, терезе бетин уксус менен сүртүп алдыңыз. Ошондо гана боёк жукпайт.

4. Терезенин бетин самын суу менен жууп чыгыңыз. Андан чоң тиш тазалаган паста менен нашатырь спиртинин эритиндисин сүйкөңүз. Кургаган айнектин бетин газет кагазы менен суртүп салууга болот.

5. Терезени жуугандан кийин 50 грам суу, 100 грам глицерин менен бир нече тамчы нашатырь спиртинин кошулмасы менен сүртүп чыгыңыз. Ошодо терезе бат-баттан булгана бербейт.

6. Терезе бетиндеги катып калган майды нашатырь спирти аралашкан суу менен жууп, кетирсе болот.

7. Графиндеги ак тактарды кетирүү үчүн ага ысык суу куюп, 1 чай кашык уксус эссенциясын кошоңуз. 1-2 мүнөттөн кийин таза, жылуу суу менен чайкап салыңыз.

Ал эми сиз терезенин тазалоонун жеңил ыкмаларын билесизби?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!