Кийимге жабышкан сагызды кантип кетиребиз?

Кийимге жабышкан сагызды кантип кетиребиз?
8-Июнь 2017, Бейшемби

Бул сыяктуу ыңгайсыз абалга кабылган адамдар арабызда көп эле болсо керек. Өзгөчө, коомдук жерлерде отургучтарга отурганда кийимге жабышкан сагызды катип тазалап кетирсе болоор жолун таппай жаткандар көп кездешет. Ошого байланыштуу бул көйгөйдү кантип чечсе болот деген суроого жооп издеп көрсөк.

Негизгиси сагызды кийиден тазалоо үчүн ал кийимдин материалына, түр-түсүнө, сапатына маани берүү керек. Мисалы, түсү оңуп кетүүчү кездемелерге сагыз жабышкан учурда ацетон же болбосо спирт, ошодой эле ысык суу да колдонбогон оң.
Муздаткычка салуу

Эң оңой, жана жеңил ыкма сагыз жабышкан кийимди полиэтилен баштыгына (пакет) салып, муздаткычка 1 саатка салып коюу керек. Ушу убакыт ичинде сагыз катып, өзү түшүп калат.
Муз басуу
Биринчи ыкма жардам бербесе эгер чоң кийим муздаткычка батпаса, анда сагыз жабышкан жерге муз коюңуз. Сагыз катып калган учурда катуу щетка менен тазалаңыз. Килем менен төшөктөргө, пальто менен тондорго сагыз жабышканда да ушу ыкманы колдонуңуз.
Ысык суу кую
Ал үчүн жаныңызда жардамчы адамыңыз болгону жакшы. Бирөөңүз ысык сууну сагыз жабышкан жерге куюп, экинчиңиз аны дароо щетка менен тазалап турууларыңыз керек. Ал үчүн эски тиш щеткасын пайдаланууңузга болот. Эгер жардамчыңыз болбосо, идишке ысык сууну куюп, кийимдин сагыз жабышкан жерин сууга салып туруңуз. Суудан чыгарбай туруп, сагызды курч нерсе менен тазалап алыңыз. Андан кийин кийимди катуу жууп жибериңиз. Тазаланган кийимди жууп жайыңыз. Эгер сагыз толук тазаланбаса, процессти кайра кайталаңыз.
Үтүктү колдонуп
Сагыз жабышкан жердин үстүнүнөн нымдуу марли коюп, үстүнөн үтүктөңүз. Сагызды тазалоонун бул ыкмасынын кемчилиги кийимге жабышкан сагыщды тазалаганы менен, андан так калуу мүмкүн. Ал эми аны так тазалоочу каражаттар менен тазалай аласыздар.

Фен
Кийимдин сагыз жабышкан жерин фен менен бираз үйлөтүңүз. Ошондон кийин эски тиш щеткасы менен сагызды тазалап таштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!