Бул суусундук аркылуу сиз организмден ашыкча шлактарды жана токсиндерди чыгара аласыз. Ансыз да куркума дүйнөлүк абдан пайдалуу специя аталган. Анткени ал сезгенүүнү жок кылган, организмди тазалоочу азык болуп саналат.

Күнүмдүк тамак рационуңузга куркуманы пайдалансаңыз, иммунитетти бекемдеп, зат алмашууну жана кан айланууну жакшыртат.

Ага утурлай куркума менен сиз ашыкча салмактан бат эле арылсаңыз болот.

Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!

Керектүү азыктар

3 даана лимон

150 милилитр бал

2 чай кашык куркума

Даярдоо жолу

Алгач үч литр таза банка даярдап аласыз. Ага сууну кайнатып куюп, анын бираз муздашын күтөсүз. Суу жылуу болгондо бал менен куркуманы кошосуз. Кийин лимондорду өткөргүчтөн өткөрүп банкага салып аралаштырып, үстүн капкак менен жаап, 24 саат коюп коёсуз. Даяр суусундукту күнүнө 120 граммдан үч маал тамакка жарым саат калганда ичүү керек.