Баардык дартка дабаа алма уксусу

Баардык дартка дабаа алма уксусу
19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Күнүмдүк турмушубузда пайдаланган уксустардын баардыгы пайдалуу, бирок алардын ичинен алма уксусу эң пайдалуу болуп саналат. Анын составындагы көп сандаган минералдар жана витаминдер адам ден-соолугуна абдан пайдалуу.

Ал көптөгөн ооруларга жардам берет. Мисалы, түрдүү жараларга, башка күн өтүүнү, баш ооруну, ашказан оорусуна, суук тийгенге, күйүктөрдү ж.б. ар кандай ооруларды айыктырат.
Төрт өлчөм алма уксусуна бир өлчөм туз кошуп, теринин жараланган жерине сүртсө, аз убакта таасирин берет. Бул кошулма чачтын түшкөнүнө да абдан пайдалуу. Алма уксусуна анардын кабыгын жана апийимдин уругун кошсок эгземега, буттун грибогуна жакшы. Мончого түшкөндө чайканган сууга алма уксусун кошсок дененин жана чач көрүнүшүн жакшыртат. Муундардын оорусу, артритте да жардамы чоң.

Адам баласы карыган убакта денелерине ар кандай кара тактар түшөт. Бул тактарга алма уксусу менен пияздын согунун аралашмасын сүртсө тазалайт.

Чириген тиш жана ооздун ар кандай ооруларына каршы сууга алма кошуп чайкоо керек.

Алма уксусу калий, натрий, фосфор, жез, темир, фтор, пектин элементтерине жана A, B1, B2, B6, С, Е, Р витаминдери менен кошо башка да пайдалуу микроэлементтерге бай.

Суу менен аралаштырып ичүү 1 чай кашык алма уксусун 1 стакан суу менен аралаштырып ичиңиз. Ал ашыкча салмактан арылууга, боорду тазалоого, зарнаны жок кылууга жардам берет.


Чачты чайкаса

Алма уксусу менен кадимки сууну 1:1 катышта аралыштырып, чачты чайкаңыз. Уксус суусу чачыңызды жумшартып, жылтыратат.

Ал эми алма ширесин эч кошулмасы жок өзүнун гана өлчөмү менен ичүү табиттин ачылышына, тамак аштын сиңиришине чоң жардам берет. Саякат убагында алма уксусун кичине ичип койуу адамдын көңүлүн көтөрөт. Бул уксус инфекцияга каршы бирден бир даары. Аны чиркей аары чаккан убакта сүйкөсө шишигин таратат. Уксус дезинфекция касиетине дагы ээ. Уксус кошулган суу буусуна бууланып, дем алса гриппке, ангина, гаймарит жана суук тийгенге абдан пайдалуу болуп саналат.


Бул нерселерден башка дагы уксус тазалоо иштерине көп колдонулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!