Картошканын пайдасы барбы?

Картошканын пайдасы барбы?
28-Июнь 2017, Шаршемби

Картошка - ар бир үйдүн ашканасында кездешүүчү жашылча - жемиш. Картошкадан миңдеген тамактын түрлөрүн даярдоого болот. Ошону менен бирге, картошканын үй шартында дарыланууга да пайдасы зор. Кээ бир ооруларды картошка менен жеңил жана натыйжалуу дарылоо ыкмаларын сунуштайбыз.

Ангина. Бир нече картошка тандап алабыз, аны жакшылап жууп, идишке бир аз суу куюп, кайнатабыз. Сууну аз куйгандыгыңыздын себеби, буу суудан эмес картошкадан чыгуусу кажет. Картошканын жыты катуу чыккандан кийин, отту өчүрүп, ысык идишти үстөлдүн үстүнө алып келип коёбуз. Башыңызды сүлгү менен кымтылап жаап алып, идиштин ичине мурунуңуз менен 10-15 мүнөт чамасында терең дем алыңыз. Буу менен дем алгандан кийин суук тийбеши үчүн дароо жууркандан жамынып жатыңыз. Күнүнө 1-2 ирээт жасаган оң. Жогорудагы жазылгандай эмдөө жолу ангинаны айыктырып жана дем алуу жолдорун оорусун басууга жардам берет.

Жогорку температура. Эки картошканы сүргүчтөн чоңураак кылып өткөрүңүз. Ага бир аш кашык уксус суусун куюп, бир нече кабатталган дакини үстүнө салып чыгыңыз. Даяр компрессти маңдайыңызга коюңуз. Бир аз убакыттан кийин алып таштап, башка жаңысын даярдап алып кайрадан коюңуз. Ушул эле ыкманы ангинаны кетирүү үчүн да колдонсоңуз болот. Ал учурда компрессти моюнуңузга коюп, үстүнөн жылуу шарф менен байлап таштайсыз.

Үшүк алуу. Сууктан колуңуз кызарып кетсе, колуңузду кортошка кайнатылган жылуу сууга салып, бир нече убакыт кармап турсаңыз жеткиликтүү болот. Бет терисинин үшүп кеткен бөлүтөрүнө картошка компресин жасасаңыз жакшы. Ал үчүн кабыгы ачылбаган картошкаларды кайнатып, ысык кезинде баттан эзиңиз. Ысыгын жоготпошу керек. Марлиге же болбосо кездемеге картошка эзмесин салып, үшүтүп даган жериңизге муздап калганча кармап туруу кажет. Андан кийин кездемени лимон ширесин менен суу аралашкан суюктукка малып, ал жерди кайрадан бир нече ирээт сүртүңүз.

Күйүк. Картошканы тазалап, сүргүчтөн өткөрүңүз. Аны 4-5 жолу оролгон марлиге салып чыгыңыз. Марлини күйүккө коюп, үстүнөн жакшылап байлап чыгыңыз. 2 сааттан кийин алып таштап, башка жаңысына алмаштырыңыз. Эгер кайнап жаткан суу же май тамчыларына күйүп калсаңыз же болбосо колуңузду ысык идишке басып алсаңыз, ооруп турган жерге тез арада картошканы тазалап, экиге бөлүп басыңыз. Ар бир 2-3 мүнөт сайын алмаштырып, жаңы картошка бөлүтөрүн басуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!