Жалбыз сулуулукту арттырып, ден соолукту бекемдейт

Жалбыз сулуулукту арттырып, ден соолукту бекемдейт
5-Июль 2017, Шаршемби

Легандаларда ай чырайлуу, көргөндүн көз жоосун алган акыл-эс кудайы Мент жер алдындагы падышаны жактырып калат. Падышанын кызганчаак аялы жолдошун кызганып Ментти гүлгө айлантып салат. Байыркы кылымдардан бери дарылык жана косметикалык каражат катары пайдаланып келишкен жалбыз – дал ошол гүл.

Жалбыздын курамы жана касиеттери

Жалбыздын жалбырагынан баалуу делген эфир майы жана ментол компоненти алынат. Жалбыздан алынган эфир майын жараларды, экземаны, безетки баш болгон тери ооруларын айыктырууда дары ордуна колдонуп келишет. Ментол теридеги кан айланууну жакшыртып, муундарды бекемдеп, токсиндерди кууп чыгуу менен теринин сезгенип калган бөлүгүн калыбына келтирип, терини кургатат. Булардан сырткары жалбыздын курамында органикалык кычкылдар, аскорбин кычкылы, микроэлементтер, каротин жана биологиялык активдүү заттар бар.
Жалбызды чогултуунун жана сактоонун эрежелери

Жалбыздын жалбырагын ал гүлдөп баштаган мезгилде, тагыраагы, жай мезгилинин баштапкы айларында күн уясына киргенде чогултуп алуу керек. Чогултулган жалбырактарды күн тийбеген көлөкө жерге жайып, үбөлөнө баштаганга чейин толук кургатуу зарыл. Кургаган соң айнек идишке салып, оозун жаап кургак жерге сактаңыз. Ал эми анын ширеси көпкө сакталбагандыктан өз учурунда колдонуу сунушталат. Өз убагында колдонулган шире 100 пайыз пайдалуулугун берет.


Жалбыз кимдерге сунушталбайт?

Жалбыздын жытына же өзүнө аллергия болгондорго, варикоз илдетине кабылгандарга, кош бойлуулукка даярдык көрүп жаткандарга, кош бойлууларга жана 6 жашка чейинки балдарга, кан басымы ылдыйларга, бала эмизген энелерге сунушталбайт. Башка колдонуучулар туура эрежени сактоолору керек. Жалбыздан тундурма, кайнатма же дары жасаганда курамын өз өлчөмүнөн ашыкча кошуу коркунучтуу. Ал адамга пайда эмес, терс таасирин тийгизет.

Жалбыз ден соолукта

Сасык тумоодо: сасык тумоонун оор же жеңилине карап бир күндө бир же эки гана маал 1 аш кашык кургатылган жалбызды 1 стакан кайнак сууга салып 10-15 мүнөт демдеп алып чай ордуна ичүү сунушталат. Жалбыздын кайнатмасынан даярдалган чай дүүлүгүп, кычышып турган терини тынчтандырып, нерв системасынын ишин жөнгө салуу менен уйкуну жакшыртат.

Жүрөк ооруларында: 2 чай кашык майдаланган жалбыздын жалбырагына 1 стакан кайнак суу куюп 20 мүнөт демдеп коёсуз. Эми аны эртеден кечке чейин аз-аздан ууртап олтуруп толук ичип бүтүү керек. Бул ыкманы жүрөк ооруларынан тышкары айыз өз өлчөмүнөн ашыкча келип жатканда, тиш ооруларында, гастритте, ревматизмде жана өпкө ооруларында колдонуу сунушталат.

Кан токтобой жатканда: кургатылган 15 грамм жалбызды 1 стакан сууга салып жай отто 10 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон кайнатма муздаган соң 1 аш кашыктан бир күндө 3-4 жолу тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз. Бул ыкманы кан токтобой жаткан маалда кабыл алсаңыз же компресс кылсаңыз жакшы натыйжасын берет.

Тери ооруларында: 20 грамм кургатылган жалбызды 100 миллиграмм 75 пайыздуу спиртке же аракка аралаштырып күн тийбеген караңгы жерге эки жума коюп коёсуз. Эки жумадан кийин 50 грамм кайнатылган жылуу сууга 10-15 тамчы тамчылатып бир күндө 3-4 жолу ичип туруу керек. Бул дарыны баш ооруда, бронхитте, тамак ооруда, мурун бүткөндө жана тери ооруларында да колдонууга болот.

Чаңкоодон арылууда: жайдын аптабында чаңкооңуз канбай жатканда жалбыздан даярдалган чай ичсеңиз, чаңкооңуз басылып, күч топтоп, эс ала түшөсүз.

Зарна болгондо, ич көпкөндө:
жалбыздын 3 тамчы ширесин 50 грамм кайнатылган жылуу сууга аралаштырып ичүү керек. Болбосо шекерге тамчылатып жеп алсаңыз да болот.

Бут талып ооруганда: 100 грамм жаңы жалбызга 1 литр кайнак суу куюп 10-15 мүнөт демдейсиз. Жарым сааттан кийин демделген жылуу сууга бутуңузду салып жарым саат кармайсыз. Мындан кийин бутуңуз эс алып, кадамыңыз элпек болуп калат.

Жаз келип, жаңыдан жерден баш багып келаткан жалбызды тамак-ашка көбүрөөк колдонсоңуз жогорудагы оорулардын алдын алган болосуз. Жалбыздан самса, чабаты, оромо, манты сыяктуу тамактарды да жасоого болот.

Жалбыз косметологияда

Пайдалуулугуна карап заманбап косметикалык каражаттарга жалбызды көп колдонушат. Өзгөчө жалбызды майлуу терилерди нормалдаштыруу, бетти безеткиден арылтуу жана какачтын алдын алуу же андан арылуу үчүн сунуштап келишет. Мындан тышкары арыктатуучу жана буттун чарчоосун басуучу каражат катары колдонушат.

Безеткиден арылууда: бет териңиз дүүлүгүп, түлөп, кычышып жатса 1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык кургатылган же жаңы жалбызды салып жарым саатка демдеп коюңуз. Даяр болгон соң дакиге сиңирип алып териңиздин көйгөй жараткан жерлерине же бетиңизге толук сүртүп чыгыңыз же жалбыз демделген сууга чыланган дакини бетиңизге жарым саат жаап коюңуз. Бул ыкманы жасоо менен сиз майлуу териңизди нормалдаштырып, беттеги безеткиден арылуу менен бирге жүзүңүзгө сергектик чакыра аласыз.

Чарчоодон арылтуучу маска: 3 аш кашык сулунун акшагына 3 аш кашык сүттү жана 3 аш кашык жалбыздын тундурмасын кошуп жакшылап аралаштыруу керек. Даяр болгон масканы бетке жаап 15-20 мүнөт кармаган соң муздак суу менен жууп салыңыз. Жалбыз бет терисин чарчаңкы абалдан алып чыкса, сулунун акшагы терини тазалап, сүт бет терисин жумшартып, нымдаштырат. Бул масканы бет терисинин бардык түрүнө жумасына 2 жолу жатар алдында жасап туруу сунушталат.

Түктөрдөн арылууда:
жалбызды окумуштуулар “аялзатынын жалбырагы” деп атап коюшат. Себеби жалбыз аялзатынын канындагы эркектик гормондорду азайтат. Ошондуктан денесине түк чыгышын каалабаган айымдар аны азайтуу максатында жалбыздын кайнатмасын ичип, айрымдары маска жасашат. Жалбыз эркектин каалоосун жоготуучу касиетке ээ болгондуктан аны колдонуу эркектерге сунушталбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!