Микротолкундуу мешке такыр салбаңыз!

Микротолкундуу мешке такыр салбаңыз!
5-Июль 2017, Шаршемби

Күнүмдүк турмушта,тамак сактоо үчүн колдонгон желим табак, ошондой эле ар кандай контейнерлер же ашкана идиштери, чөйчөктөр ден соолукка зыяндуу болушу мүмкүн. Анткени бул идиштерди микротолкундуу мешке салганда андан зыяндуу химикаттарды чыгарат. Ал тургай алар күйүп, өртүн чыгып кетишине да себепчи болмокчу.

Ошондуктан микротолкундуу мештерге салынбаш керек нерселер тууралуу сөз кылууну чечтик:

Эт: Тоңгон эт фаршын мешке салып эритип алуу акылдуу иш болуп саналышы мүмкүн. Бирок, бул учурда чоң-чоң эт бөлүкчөлөрү эригенче майдалары быша баштайт. Мешти жылыткан учурда ысык текши тарабай, андан улам этте бактериялар жайылышы ыктымал. Бул көйгөйдү чечүү үчүн этти муздаткычтан чыгарып түнү менен эритип коюу керек.

Эне сүтү: Mешке ысытылган сүт бала үчүн ысык келет жана изилдөөчүлөр белгилегендей анын курамындагы пайдалуу микролэлементтерди жок кылат.

Пашот-жумурткасы: Микротолкундуу мештердеги тез тараган жылуулук температурасы жумуртканын ичинде буунун пайда болушун алып келет. Анадан кийин жумуртканы да тазалоо өтө кыйын.
Желим идиштер: Эч качан пластик контейнерлерге ашкан тамак-ашты салбаңыз. Желимдердин көпчүлүгү “BPA” деп аталган химиялык заттардан жасалып жана ысыган маалда бул заттар тамакка кирет.
Пенаполистирол контейнерлери: Желим идиштер сыяктуу пенаполистирол контейнерлеринде зыяндуу химиялык зат кездешет. Ашып калган тамактарды айнек идишке салып жылытыңыз.
Фарфор же металл табактар: Бул түрдөгү идиштерди көп колдонсоңуз, мешке колдонуу үчүн ачык түстүү айнек идиштерди колдонууга болот.

Стакандагы суу: Керамика же айнек стаканда узак убакыт сууну жылытсаңыз, чыгарганда стакан өтө ысык болуп кайнаган суу чачырап колуңузду күйгүзүп алуу коркунучун жаратат.

Бош бойдон иштетпеңиз: Микротолкундуу мештерди ичине эч нерсе салбай иштете берүү буюм үчүн зыяндуу жана өрттүн чыгып кетүүсү ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!