Алманы жакшы көрүүнүн жети себеби

Алманы жакшы көрүүнүн жети себеби
19-Июль 2017, Шаршемби

Алма жемишин баарыбыз жакшы көрөбүз. Анткени анын курамындагы витаминдердин пайдасы өтө көп. Нью-Йорк университетинин окумуштууларынын айтуулары боюнча, күнүнө аз дегенде бир алма жеп туруубуз кажет. Ошондо биздин ден соолугубуз эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал эми алманын жакшы көрүүнүн жети себеби төмөнкүлөр:

1. Алма альцгеймер оорусунан сактайт.

2. Зыяндуу шишикке да каршы жардам берет.

3. Холестериндин өлчөмү көбөйгөндө коргойт.

4. Ал жүрөк менен кан тамырларга пайдалуу.

5. Диабетти алдын алат.

6. Ашыкча салмактан арылууга таасирин тийгизет.

7. Алманы тамактан кийин жеп туруу аркылуу тишиңизди куртун түшүүсүнөн коргойсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!