Чайга кошуп ичүүчү пайдалуу чөптөр...

Чайга кошуп ичүүчү пайдалуу чөптөр...
29-Июль 2017, Ишемби

Эгер чай ичкиңиз келсе, төмөнкү пайдалуу чөптөрдү кошууну унутупаңыз. Алар жагымдуу жыт тартуулап гана койбостон, дарылык касиеттери менен өзгөчөлөнөт.

1. Калемпир
Калемпир кошулган чай башыңыздын ооруганын басат. Ошону менен бирге, чарчаганды унутуп, маанайыңызды көтөрөт.
2. Жапалак (тимьян)

Жапалак чөбүн тамакка тоюп алгандан кийин чай кылып жасап ичкен жакшы. Анткени ал тамак-ашты сиңирүүдө жардам берип, ашказандагы ашыкча заттарды чыртка чыгарат.
3. Имбирь
Имбирь кошулган чайдын иммундук системага пайдасы көп. Аны көбүнчө салкында сейилдегенден кийин ичилет. Эгер курч респиратордук же сасык тумоо сыяктуу ооруларга туш болсоңуз анда ушул чайды ичүү керек.
4. Корица
Корица кандын курамындагы кантты калыбына келтирет. Ошондуктан бул чай ден соолукка өтө пайдалуу. Корица кошулган чайга түрдүү таттууну аралаштырып иче берүүгө болот.
5. Жалбыз
Жалбыз кошулган чай уйкусуздук менен күрөшөт. Анткени ал нерв системасын тынчтандырып, стресске каршы жардам берүүчү касиетке ээ.


Жогоруда айтылган чөптөрдүн дарылык касиети көп. Ал эми мөмө-жемиштерден жасалуучу чайлар булар сыяктуу ден соолугуңузга жардам бере албайт. Керек болсо С витаминине бай лимон да кайнак сууга түшкөндө өз курамын жоготот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!