Бут шишигенде кандай чара колдонсо болот?

Бут шишигенде кандай чара колдонсо болот?
1-Авг. 2017, Шейшемби

Эгерде туруп иштөөчү иште болсоңуз, балтырды эластикалык бинт менен байлап алган жакшы. Жумуштан кийин үйгө кайтканда бутту өйдө көтөрүп, 15-20 мүнөт жатып эс алуу керек. Ал эми вена түйүндөрү пайда болуп кеткен адамдарга бутун 30-45 мүнөткө чейин эс алдырганы оң.

Ошондой эле бутунун кан тамыры кеңейип кеткен адамдар врачтын уруксааты менен төмөнкүдөй ванна жасаса болот.

100 грамм ромашканы 5 литр кайнак сууга салып, 8-10 саатка тындырып, андан кийин колдонот. Ванна үй температурасында, жылуу күндөрү 32-35 градус , ал эми кышында 37 градуска чейин болсун. Чыланган ромашкага күнүгө кечинде 20-30 мүнөткө чейин бутту салып отуруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!