Бөлмө гүлдөрүнө кантип кам көрүү керек?

Бөлмө гүлдөрүнө кантип кам көрүү керек?
09-02-2017

Бөлмөнүн жашыл түскө бөлөнүп, кошумча көрк берип турганын ким каалабасын. Үй өсүмдүктөрүн дайыма бирдей абалда көрктөндүрүп карап туруу өз колубузда. Буга болгону туура кам көрүү үчүн сиз билбеген керектүү кеңеш гана керек.

Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакча лабораториясынын кызматкери Татьяна Пашина “Өсүмдүктөрдүн оорушу жана бөлмө гүлдөрүнүн зыянкечтери” туурасында темага токтолду.

Бул мастер-класс “Ырыстан” жана ОФ “Арча” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, шаардыктардын суроолоруна жооп берилди. Буга чейин ушу сыяктуу мастер-класстар бул тармакта иштеген илимий кызматкерлер үчүн гана жүргүзүлүп келген. Т. Пашина кышкы мезгилде бөлмө гүлдөрүн зыянкечтерден кантип дарылоо жана коргоо керектиги туурасында маалымат берди.

Бөлмө гүлдөрүнө кантип кам көрүү керек?



Бөлмө гүлдөрүн атайы дүкөндөрдөн сатып алуу керек. Себеби ал жерлерде ооруган же зыянкечтерге кабылган гүлдөрдү сатып алуу коркунучу туулбайт. Ошону менен бирге түрдүү ооруларга жана курт-кумурскаларга каршы күрөшүүдө туруктуу өсүмдүктөрдүн сортун тандоону унутпаңыз.

Жаңы алынган гүлдөргө 7 күн карантин уюштуруу зарыл. Андан соң эч кандай күмөн саноолор байкалбаса аны башка гүлдөргө аралаштыра берүү керек.
Өсүмдүктөр адамдар сыяктуу келет, аларды да самындап жууп (ашкана самыны) туруу кажет. Бул процедураны айына бир жолу же андан көбүрөөк жасап турууга болот.

Ар дайым топуракты калий моргонцовкасынын жардамы менен дезинфекциялап туруу өсүмдүктү бекемдетүүчү жана жер семиртүүчү каражат болуп саналат.
Өсүмдүккө жакшы жагдай, туура температураны, жеткиликтүү деңгээде абаны нымдаштырып туруу зарыл. Сууну өз убагы менен куюп, алдыңкы идишин таза кармап жана терезенин алдын да тазалап туруу керек. Күн суук мезгилде терезенин жээгин жылуулап чаптоо зарыл. Кээ бир үйлөрдө жылуулук берүүчү батареядан чыккан жылуу илеп гүлдүн жалбырактарын кургатып, какшытып да жиберет. Ошондуктан, гүлдүн түбүнө суу куюп, жалбырактарын сүртүп тим болбостон, гүлгө сууну чачыратып сугаруу зарыл.

Гүлдүн өмүрүнүн узактыгы анын жарык көрүп, күн нурунан кубат алгандыгына байланыштуу. Гүл сөзсүз түрдө терезеде же жарыкка жакын атайын текчеде турушу керек. Гүлдүн жалбырактары саргарып, суу куйсаңыз деле болбой "ден соолугунун" начарлашынын бирден-бир себеби күн нурунун жетишсиздиги болуп саналат. Баскан-турганда гүлдүн жалбырактарына тийбей, ага тоскоолдук жаратпагыдай ыңгайлуу бурчка жай түзүп берүү керек.

Жок дегенде бир-эки жылда, чоң гүлдөрдү үч же төрт жылда бир топурагын алмаштырып туруу керек. Анткени, гүл улам өскөн сайын топурактагы гүл азыктана турган пайдалуу заттар азаят, дээрлик жоголот.




Гүл челекти өйдө көтөрүп караңыз, эгер түбүндөгү тешикчеден бир аз тамырлар агарып көрүнүп турса, демек, бул идиш ага тардык кыла баштады.

Гүлдү кайра отургузуу керек экенин билүүгө анын жыты да жардам берет. Суу куярда анын сабагын жыттап көрүңүз, эгер жагымсыз жыттанып, топурактын үстүңкү катмары агара баштаса, дароо башка кенен идишке отургузууну колго алыңыз.

Бөлмө гүлдөрүнүн топурагын алмаштурууга ыңгайлуу мезгил февраль-март-апрель айлары. Көчүрө турган гүлгө үч күн суу куйбай коёсуз. Ошондо топурак гүл челектен оңой ажыратылат. Гүлдүн тамыры менен кошо ажыратып алган топуракты сууга малып жибитип аласыз, тамыр топурактан бошогондо кененирээк башка гүл челекке отургузасыз.

Гүлдү өтө бийик жерге жайгаштыруу туура эмес. Бул бөлмөгө кооздук жаратканы менен өмүрүн кыскартат. Гүлдүн жалбырагы канчалык бийиктиктен эңкейип турса, анын сабагына ошончо күч келет.

Гүл дайым эле терезеде тура бербестен, кээде маал-маалы менен таза абага чыгып дем алуусу зарыл. Жок дегенде эки-үч жумада бир жолу бөлмө өсүмдүктөрүн сыртка алып чыгып дем алдыруу керек. Суу куюлгандан кийин үч-төрт саат убакыт сыртта турган гүлдөрдүн жыты аңкып, түсү жакшыра түшкөнүн байкасаңыз болот.

Жазында бөлмө гүлдөрүн кышкыга караганда эки эсе көп сугаруу керек.

Керамика идишинде өскөн гүлдөр башка материалдардан жасалган идиште өскөн гүлдөргө караганда көбүрөөк суу талап кылат.

Эгер сиз мертинүүнүн же оорунун белгилерин тапсаңыз эмне кылуу керек?

Кол же дегтяр самыны менен жууп турсаңыз курт-кумурскалардын түшүү коркунучун алдын аласыз.

Ооруп жана жабыркаган өсүмдүктөрдү өзүнчө бөлүү керек. Алардан олуттуу жабыркап калган жалбырактары үзүлүп алынат.

Эгерде зыянкечтер аз болсо аларды адам үчүн коопсуз болгон элдик ыкмалар менен жок кылууга болот.

Курттап кетүүчү өсүмдүктөр пияз, сарымсак, дарыкана ромашкасы, пижма, шыбак, тамеки, календула, картошка жана помидор ботвасы, каакым, ачуу калемпир.

Зыянкечтер менен каршы күрөшүү үчүн коопсуз усул болуп, антисептикалык самын аралашмасы жана тамеки түтүнү кирет. Даярдалган настойго ашкана самынын кошсо ал жалбырактарга жабышып калат да зыянкечтерди жок кылат.

Олуттуу зыян алып келген учурда химиялык реагенттер жардамга келет. Атайы гүл сатуучу дүкөндөрдөгү адистерден химиялык каражат менен кантип дарылоо керек экендиги тууралуу кеңеш алып, милдеттүү түрдө коопсуздук эрежелерин сактоо менен ал кеңешти туура, так аткарганга аракет кылыңыз.

Өсүмдүктөрдү чачыратуу ыкмасы менен дарылоо үчүн атайы пульверизатор идиши керектелет. Порошок түрүндөгү дарыларды чачыратып, дарылоо үчүн марли каптарга салып аны гүлгө силкип, чачыратып чыгат.

Эскертүү! Дарылагандан соң өсүмдүктүн жалбырактары күйүп кетүүдөн сакташ үчүн толук кургамайынча, күнгө коюуга болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!