Буттагы тамырлар көрүнүп турса...

Буттагы тамырлар көрүнүп турса...
8-Авг. 2017, Шейшемби

Кээ бир оорулар көк тамырлардын түйүлүп кеңейүү маселесине чалдыгат. Аны кантип дарылайбыз? Элдик медицинаны колдонуп «варикозду» кетирүүгө болобу?

Сарымсак

Ак сарымсактын тазаланган тилимдерге, бөлүктөргө бөлүп, кесиңиз. Аны сары май менен 1:2 өлчөмдө аралаштырабыз. Даяр болгон кошулманы тамырлар көрүнүп турган жерге сүйкөп жылуу полотенца менен ороп таштаңыз, уктаңыз. Эртең менен бутту жакшылап жууп, жылуу байпак кийип алыңыз.

Помидор

2 жашыл помидорду кесип, тамырдын үстүнө басып, бинт менен ороп таштаңыз. Үч сааттан кийин бинтти чечип, бутту жылуу сууга 15 мүнөттөй кармоо керек.

Чөптөрдүн аралашмасы

Кургак шыбак чөптү жылуу, кайнатылган сүт менен аралаштырабыз. Натыйжасында паста сыяктуу ботко болуш керек. Аны бутка сүйкөп, бинт же болбосо жылуу сүлгү менен ороңуз.

Чөп суусу

Бул эм узак болгону менен өтө пайдалуу жана коопсуз. 5-7 ай бою атайы даярдалган суусундукту ичип турууңуз керек. 2 аш кашык майдаланган чалканга суу куюп, бир саат жылуу жерде капкагын жаап тундуруңуз. Андан кийин суусундукту сүзүп, күнүнө үч жолу ¼ стакандан ичип туруңуз. Үч-беш жумага чейин ичкенден кийин он-он төрт күн эс алуу керек. Андан соң кайрадан дарылоону улантуу кажет. Ошону менен катар майлуу, куурулган тамактан баш тартуу керек.

Эскертүү! Дарыгердин кеңешисиз ичүүгө болбойт!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!