Чиркей чакканда кычышууну басуу үчүн...

Чиркей чакканда кычышууну басуу үчүн...
24-Авг. 2017, Бейшемби

Чиркей чаккан жерди бактерия менен микробдордон сактоо жана инфекциянын алдын алуу үчүн жылуу суу менен самындап жууп чыгуу керек. Андан соң сүлгү менен таза сүртүңүз.

Кычышууну азайтуу үчүн муздак компресс басыңыз. Процедураны саат сайын же керек учурда колдонуп туруңуз. Муздак компресс катары музду пайдалансаңыз болот.

Сода

Ашкана содасын жаш балдарга да сезимтал териге да колдонууга ыңгайлуу. Коюу паста болгончо бир чай кашык сууну үч чай кашык сода менен аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы чиркей чакан жерге сүйкөп, кургаганча күтө туруңуз. Бир күн бою кайталап туруңуз. Сода токсиндерди жок кылып, сезгенүүнү жана кычышууну азайтат.

Скотч

Чиркей чаккан жерге скотч жабыштырсаңыз, кычышканы басылат. Адатта түндө жабыштырган жакшы. Уйкуда жатып, денеңизди тырмап, жаракат кылып алууңуз мүмкүн. Ошондуктан, чиркей чагар замат скотч жабыштырып салыңыз.

Аспирин

Бир даана аспирин дарысын майдалап чыгыңыз. Коюу абалга келгенче тамчылатып суу тамызыңыз. Эзмени чиркей чаккан жерге сүйкөгөндө ацетилсалицил кычкылы ооруну басып, кычышууну токтотот.

Геморройго каршы мазь

Геморрайго каршы бардык майды жарага сыйпаганда кычышууну тез басат. Эгер териңиз назик болсо, жаранын орду басылбай жатса ушундай май жардамга келет.

Тиш пастасы

Тиш пастасы шишиктин пайда болушун алдын алат. Ал үчүн сизге тиш пастасынын жалбыз кошулган түрү сунушталат. Чиркей чаккан жердин басылганын дароо сезесиз.

Тырмак менен басуу

Муну көбүнчө балдар жасашы мүмкүн. Бала чиркей чаккан жерди тырмагынын учу менен басып таштайт. Бул кычышууну басканы менен тырмак микробду көп жыйнаган жер экенин эскерте кетебиз.

Банандын кабыгы

Бул да ишке ашкан ыкмалардын бири. Банан жеп отурганда чиркей чыгап алса, ушул ыкманы колдонсоңуз болот. Тернин шишип кетүүсүн баспаса да, кычышуу токтойт.

Тырмакка арналган түссүз лак

Чиркей чаккан жердеги жарага аба киргенде кычышат. Ал эми тырмакка арналган түссүз лак жарага абанын кирүүсүнө бөгөт коюп, терини шишүүдөн, кычышуудан сактайт.

Сулу

Сулу уну менен сууну аралаштырып, кошулманы чаккан жерге сүйкөп, 10 мүнөт коё турасыз. Кийин жылуу суу менен чайкап жууп саласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!