Деңиз боюндагы жаркыраган биолюминесцент

Деңиз боюндагы жаркыраган биолюминесцент
28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Суудагы жаркырап күйгөн жарыктар көргөн адамды суктандырбай койбойт. Бул укмуштуудай табияттын кубулушу адамды өзүнө тартып турат. Ыраакы Чыгыштагы кээ бирөөлөрдү коркуткан бул кубулуш “Noctiluca” сцинтилла бир клеткалуу организмдерин түзгөн биолюминесценциядан (тирүү организмдин жарык өндүрүүсүнөн) турат. Бул жандыктарга бир нерсе тийген учурда гана солкулдап жаркырайт.

Укмуштуудай бул кооздук бизге жакшы таасир калтырса да, деңиз жандыктары үчүн коркунуч алып келиши мүмкүн. Эгер Гонконг жээктеринде сейилдеп жүрсөңүз, анда кеме өткөндө же таш ыргытсаңыз бул жарыктарды көрө аласыз.

Окумуштуулардын айтымында, бул жөнөкөй биолюминесценттик аппарат төмөндөгүдөй иштейт. Суу толкундан улам кыймылдаган кезде, механикалык күчтөр атайы вакуолдагы клетканын ичине шашкан электрдик импульсту жаратат. Бул вакуоль, мембранасы протон менен толтурулган көбүк. Окумуштуулар бул өзгөчө кубулуш- люцифераза жана субстрат люциферинен чыккан химиялык реакция деп айтышууда.

Курамында азот жана фосфор бар жер семирткичтер дениздерге ташталат. Бул “Noctiluca scintillans” жарыгынын жалтыроосуна жана аммиак деңиз суусуна чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!