Бут кийимиңиз кысып таштаса ...

Бут кийимиңиз кысып таштаса ...
4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Сарымсак

3-4 сарымсак бөлүгүн эзип, аны зайтун майы менен аралаштырыңыз. Уктаар алдында даяр болгон аралашманы жаракатталган жерге сүйкөңүз. Ыңгайлуу болушу үчүн сыртынан бинт менен ороп коюуга болот. 3-5 күн өткөндөн кийин жаракаттанган жер жумшарып, карт жеңил түшүп калат.

Уксус

Кебезди уксуска малып, теринин жараланган жерине басып, сыртынан бинт менен 2-3 саат байлап коюңуз. Жаракатын ооруганы кеткенче, ушу ыкманы бир нече жолу кайталаңыз. Ооруганы басылгандан кийин, аны педикюрга арналган курал менен жеңил алып таштоого болот.
Ромашка
4 аш кашык ромашкага (дарыканада сатылат) 1 литр кайнаган суу куябыз. Ромашканы сууда 4-5 саат кармайсыз. Сууну легенге куюп алып, бутуңузду салыңыз. Ушу ыкманы күнүнө бир жоолу 6-7 күн кайталаңыз.
Пияз
Орточо пиязды бөлүктөргө бөлүп, ошол бөлүктөр менен жаракатанган терини укалаңыз. Бул ыкманы 3-5 күн катары менен уктаар алдында кайталап турган оң.
Лимон
Кечкисин лимон бөлүгүн сүрүлгөн жердин үстүнө коюп, бинт менен ороп, түнү менен калтыруу кажет. 2 күн өткөндөн кийин, жеңилдикти сезесиз, ал эми 4-5 күндөн кийин каттуу терини (мозоль) алып таштоого болот.
Помидор
Помидор - жаракаттанган терини дарылоочу жөнөкөй жана пайдалуу каражат. 1 помидорду майдалап сүргүчтөн өткөрүп, идишке куюп, чамасы менен 5 мүнөттөй бир аз бууга кайнатыңыз. Даяр суюк боткону марлинин үстүнө сүйкөп, жаракатанган териге коюп, сыртынан пакет менен ороп таштаңыз. Бул ыкма коопсуз. Ошондуктан аны күнүнө эки ирээт эки жума катары менен жасоого болот. Эгер помидор боткосун даярдоого убактыңыз болбосо, ал жерге помидор бөлүгүн басууга болот. Бирок аны эки саат сайын алмаштырып туруу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!