Сүт кошулган чайдын пайдасы

Сүт кошулган чайдын пайдасы
12-Сен. 2017, Шейшемби, 11:27

Сүт кошулган чай – көпчүлүктүн сүйүп ичкен суусундугу. Анын кандай пайдасы барбы же сүт кара чайга караганда пайдалуубу? Сүт кошулган чай арыктоого бөгөт коёбу деген суроолорго жооп издеп көрсөк.

Чайкорлордун көбү сүт кошулган чайды тандашат чыгаар. Бул таңкалычтуу эмес. Сүт кошулган чайдын даамы жумшак. Тамак-аш сиңирүүдө жеңил, кубатуу суусундук. Сүттүн өзү да пайдалуу касиеттери менен өзгөчөлөнөт.

Сүттө адам организмине керектүү ондогон пайдалуу заттар бар. Бирок аны чынылап иче албайбыз. Бул ашказан үчүн оор болот. Ал эми чайга кошулган сүт жеңил кабыл алынып, пайдалуу касиеттерин толугу менен бере алат. Витаминдер, майлар, белоктор ден соолукка өтө пайдалуу. Керек болсо чайдын курамындагы кофеин, алкоидтердин жаман касиеттерин баса алат. Чай менен сүттүн кошулушу жыпар жытты, жумшак даамды, пайдалуу суусундукту берет.

Сүт кошулган чай жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алат. Сүттүн эң маанилүү бөлүгү кальций сөөк, чач менен тырмакты бекемдейт. Сергитүүчү бул суусундук жалпысынан пайдалуу экени шексиз. Акыркы убактарда сүт кошулган чайдын пайдалуу касиеттери төмөндөдү деген пикирлер жарала баштады. Изилдөөчүлөр көрсөткөндөй, сүт чайдын бир нече гана касиети төмөндөдү. Ал эми анын кошуп берген пайдасы бир нече эсе көп.

Диетолог адистер күнүмдүк турмушта 3-8 чыны сүт кошулган чай ичүүнү кеңеш кылат. Албетте сүттүн эң майлуу түрлөрүн тандабаган оң. Эгер сиз арыктоону кааласаңыз, майлуулугу аз сүттөн кошуп ичиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!