Ноутбук көпкө иштесин десеңиз

Ноутбук көпкө иштесин десеңиз
26-Сен. 2017, Шейшемби, 15:21

Азыр ишкерлердин көбү эле ноутбук колдонуп калышпадыбы. Бир жаман жери батареясы тез түгөнүп калат. Ноутбугуңуздун батареясы бат-бат өчүп жаткан болсо, төмөнкү кеңештерге көңүл бура жүрүңүз:

Батареяны толук өчүрүп, же толтурган боюнча көпкө сактабаш керек. Эгерде ноутбугуңузду 5-6 айча колдонбойм деп чечкен болсоңуз, бөлмөнү 20-22 градуста, батареясын 50 пайызга толук сактаңыз.

Эң жогорку жана эң төмөнкү температурада ноутбуктун аккумулятору начар иштеп калат.

Ар бир 2-3 ай сайын ноутбуктун аккумуляторун толук толтуруп турушуңуз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!