Кеңсенин ар бир бешинчи чынысында микроб бар

Кеңсенин ар бир бешинчи чынысында микроб бар
27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:57

АКШнын микробиологдору кеңседеги ар бир бешинчи кружкада микробдор бар экенин аныкташты. Бул тууралуу “life.ru” сайты кабарлады.

Аризона университетинин курчаган аймак объектеринин микробиология профессору, биология илиминин доктору Чарльз Герба кеңседеги чай ичүүчү чынылардын 90 пайызында кооптуу бактериялар кездешерин далилдеген.

Баарыбызга белгилүү, жалпыбызга бир болгон ашкана бөлмөсүндө жуулган идиш үчүн бир соргуч пайдаланылгандыктан, анда көптөгөн бактериялар жыйналат экен.

Ошол себептен адистер атайы "идиш жууган машинада" жууганга кеңеш беришет.

Эске сала кетсек, буга чейин идиш жууган соргучтардын ден соолукка зыяндуу экени тууралуу айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!