Эскертүү! Билеттериңизди социалдык түйүндөрдөн бөлүшпөңүз

Эскертүү! Билеттериңизди социалдык түйүндөрдөн бөлүшпөңүз
30-Сен. 2017, Ишемби, 13:57

Дээрлик баардыгыбыз аз дегенде бир белгилүү дүйнөлүк желеге катталганбыз. Мындай сайттарды пайдалануучулардын саны миллиондоп эсептелет, бул таң калаарлык эмес. Алардын жардамы менен биз досторубуз менен аралашып, тааныштар жана бөтөн адамдардын өмурүнө көз салып, жаңылыктарды билип, ойлорубуз менен бөлүшөбүз.

Бирок, таасирдүү пост жарыялоонун айынан өзүбүздү кооптуу жагдайга учуратып, кээде жөнөкөй коопсуздук эрежелерин унутуп, кылмышкерлер колдонуучу маалымат менен бөлүшөбүз. Ошолордун бири поспорттогу жеке маалыматтарды, учак же жол журүү билеттинин сүрөтүн да жарыялап койгон учурлар да кездешет. Эмне үчүн жеке маалыматтарды жарыялоого болбойт?

Сиз кайсы жерде болсоңуз, өзгөчө чет өлкөдө болгон кезде, сиздин паспортуңузда билеттер тууралуу маалыматтар камтылган фотосүрөттөр бар. Интернеттеги кылмышкерлер сиздин сүрөттөгү аз гана маалыматты пайдаланып, сиз күтпөгөн аракеттерге баруусу ыктымал. Паспортун сурөтүн, адатта “Instagram” жана “Facebook” баракчаларына жарыяланат, андан «аба чабуулуна» арналган билеттер жасалат.

Учак билеттери

Эс алууга барардан мурда – социалдык баракча аркылуу колдонуучулар менен бөлүшүү адаттагы ниеттердин бири. Бирок, ошентсе да ал тууралуу кабарлап, учак бортунун талонун сүрөткө тартып бөлүшпөңүз.

Брондоо номерин же болбосо штрих-кодду билип, кылмышкерлер аба компаниясынын веб-сайтындагы жеке эсебиңизге кире алышат. Ал эми анда учуу багыты, берилген документтер тууралуу маалымат, туруктуу клиенттин баллдары жана банктагы номериңиздин бир нече сандары тууралуу маалыматтар камтылат. Бул билеттиңизди брондон алып таштоого же болбосо банктагы эсебиңизге кол салууга жеткиликтүү.

Документтер

Жеке күбөлөндүрүүчү документтердин сүрөттөрүн жарыялоо кооптуу. Сиздин атыңыздан кылмыш жасагандар, мисалы, банктардан кредит алып же болбосо жалган компанияларды тиркеп коюусу мүмкүн.

Ошондуктан башка адамдардын карыздарын төлөп калбаш үчүн маалыматтарды сыр сактаңыз.

Банк карталары

Банк картасын сүрөткө түшүргөн маалыматтар аркылуу кылмышкер сиздин эсеп-счетуңузду тазалап алып алуу үчүн жетиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан, төлөм даректери көрсөтүлгөн сүрөттү соцтармакка эч качан жарыялабаңыз.

Ошондой эле телефондо банк картасынын сүрөттөрүн сактабаңыз. Анткени, эгер телефон уурдалып кетсе, чабуулчулар жеке эсебиңизге байланыштуу баардык маалыматтарды ала алышат.

Сак болуңуз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!