Кышкы кийим-кечектерди сактоо эрежелери

Кышкы кийим-кечектерди сактоо эрежелери
24-01-2017

Жаз келип, күн жылыгандан тартып кышкы калың күрмө, пальто, жемпир жана бут кийимдерди чечип жеңил кийимдерге өтө баштайбыз. Ошондо кышкы кийимдерди күбөө жебеш үчүн кайда, кантип, эмне кылып сактоо керек деген суроо келип жаралат. Ал үчүн туура сактоо эрежелери менен таныштырмакчыбыз.

Тазалоо шарты

Сактоодон мурун эң алгач жасалуучу шарттардын бири туура тазалап чыгуу керек болот. Баардыгы таза көрүнсө дагы кийилген кийимдер бизге көрүнбөгөн кирлерди ичине сактайт. Ошону менен бирге кийимдерге жабышып калган сагыз, скоч, тамактын тактарын өтө кылдаттык менен тазалап, жууп чыгуу зарыл. Кийимдин жана кездеменин өзгөчөлүгү боюнча керектүү тазалоо жүргүзүп, кирлерден арылтуу кажет. Мисалы, шубаны сандыкка салып коердон мурда аны щёткалып чыгып, тактарды кетирип, кунгө жайып анан атайын мүшөккө салуу керек.

Кандай жерге сактоо керек?

Нымдуу, чаң жана караңгы жерлерге сактасак көгөрүп, жыттанып, күбө жеп жана кирдеп калаары маалым. Ал үчүн сакталуучу жер кургак жана таза болушу керек. Ошондой эле кышкы кийимдерди бир сыйра күнгө жайып койсо күбө тийбейт. Себеби күбө күндүн нурун жактырбайт. Бирок күнгө жаюуда да абай болууңуз керек, өтө ачуу тийген күндөн шубанын жүндөрү түшүп калуусу ыктымал. Кышкы кийимдер сакталган бөлмөнү желдетип туруу керек.

Туура сактоо

Кышкы кийимдер көбүнчө калың болгондуктан алар көп жерди ээлейт. Ошондуктан аларды атайы баштыкка салып, аба кирбегендей сактап коюш керек. Ал эми пальто, шуба, дубленка сыяктуу кийимдерди бүктөп коюууга болбойт себеби алар бырышып калуу коркунучу бар. Көбүнчө ал кийимдерди кагып-силкип илип коюу керек болот.

Күбө жолотпоо үчүн

Жүндөн жасалган кийимдерди сактоодо кадимки эле атыр самын жардамга келет. Самынды шубанын чөнтөгүнө салып койсоңуз күбө анын жытына жолобойт. Ошондой эле тамеки, апельсиндин кабыгы, эрмен чөбү, шыбак, лаванда, герань гүлүн да кийим кечек, жууркандардын арасына салып койсо булардын жытынан күбө качат. Дүкөндөрдө атыйын сатылуучу күбөгө каршы нафталин, дихлофос сыяктуу химиялык каражаттарды сандыктын түптөрүнө, үйдүн бурчтарына сээп коюу зарыл.

Бут кийимдер кандай сакталууга тийиш?

Бут кийимдерди кийинки кышта да кызмат кылуусу үчүн туура сактоо керек. Аларды тазалап чыгып, тытылып, айрылып калган жерлерин өтүкчүгө жаматып, суу болсо дыкат кургатып чыгуу керек. Андан соң аны атайы өтүк майлоочу май менен майлап, кургак чупурөк менен бир сыйра сүртүү кажет. Ошондой эле формасын сактап туруусу үчүн бут кийимдердин ичине кургак чүпүрөк, кагаз, жыгачтан же пластиктен жасалган бут кийим формасындагыдай каражаттарды салып коюу менен аны бырышып, сынып калуудан сактайтсыз. Жагымсыз жыттан арылуу үчүн баштыкчалардагы чайды салып койсо болот. Тазаланып бүткөн соң аны кагаз же болбосо желим кутучага салып, гардеробго жыйнап койсо болот. Бут кийимдерди күн тийбеген жерде сактоо ылайыктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!