Манжаларды кырсылдатуу зыянбы?

Манжаларды кырсылдатуу зыянбы?
3-Окт. 2017, Шейшемби, 12:32

Манжаларды көп кырсылдатасызбы?

Манжаларыңыздын муундарын көп кырсылдатуу өмүргө зыян эмес. Андан чыккан үн сөөктүн эмес, муун арасындагы газ көбүкчөлөрүнүн добушу. Башында кызык үчүн баштап, кийин адатка айланып кеткен бул кылыгыңыз кээ бир адамдардын нервине тиери анык.

Ошону менен, анын ден соолугуна зыяндуулугу тууралуу сөздөрдү көп уккан чыгарсыз. Бул сөздөрдүн жалган экенин изилдөө натыйжалары көрсөтүп турат. Психолог Клодия Хэммонддун айтуусу боюнча, бул жөн гана манжага жасалган көнүгүү жумуштары. Эң кызыгы муну жасап отуруп адамдар ырахаттана алышат. Өзүнүн чарчаганын унутуп, жаңы энергия көзүн ачкандай болот. Адатка айланганы ушунчалык, бир ишти баштаардан мурда өз эркинен сырткары манжаларын кырсылдата баштайт. Кээ бир адамдар үчүн бул – толкундоодон арылуунун ыкмасы.

Ошондой эле изилдөө натыйжасында, муну аялдарга караганда эркектер көп жасашаары байкалган. Кырсылдатканда чыккан добуш - бул жыйналып калган газ көбүктөрү. Сиз бир кырсылдаткан жерди кайрадан кырсылдатсаңыз бул добуш чыгуусу мүмкүн эмес экенин аңдаган босоңуз керек. Арасында кем дегенде 15 мүнөт өткөндө гана кайрадан үндү уга аласыз. Ошондуктан, сизге бул дарт деп сарсанаага батуунун кереги жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!