Тез арада үйдү тазалоонун жолдору

Тез арада үйдү тазалоонун жолдору
16-02-2017

Үй тазалоодо азыраак энергия коротуп жана убакыттан утууну албетте каалайсыз. Тазалоо негизинен сиз ойлогондой кыйын деле эмес. Бул кеңештерди колдонуу менен тез арада үйүңүздү жыйнап, өзүңүзгө жагымдуу ырахат тартуулаңыз.

Белгилүү план түзүү керек

Эгер сиз бир жума боюу иштесеңиз, үйдү тазалоодо план түзүп, иш алып баруу оңой болот. Бул планда үйдүн кайсы бөлүгүн кандай жана канча убакытта жыйнай тургандыгыңызды тактаңыз. Мындай жол менен унутулуп жана калып калган майда барат иштер аткарылат.

Жыйноону баштоодон мурун жакшы план түзүп, балдарыңыз болсо алардын оюнчуктарын топтоп, жыйноо бир топ убакытты алат. Ал үчүн бир куту алып ага салыштырып жыйнап алуу керек. Мындай тез жыйнап туруу менен үйүңүз көп убакытка жыйнактуу турат.

Жыйноо шаймандарын туура колдонуңуз

Тез жана таза жыйноо үчүн тазалоо каражаттардын болуусу манилүү. Ишиңизди жеңилдетип, кирлерге каршы тез жыйынтык берип, ошондой эле гигиеналык тазалыкты көпкө чейин камсыз кылат.

Үйүнүз жагымдуу жыттансын

Шыпыргандан кийин чаңдарды тазалоо кажет. Чаң сүрүүдөн мурда сууңузга жагымдуу жыт тартуулоочу каражаттарды кошуп чаң сүрсөңүз үйүңүз буркурап чыгат. Үйгө киргенде мындай жагымдуу жыт жыттанып турса анда жакшы жыйналган үйдөн кабар берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!